Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХXIX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 26-сентябрындагы №01-5/56
«Нефтчи» Профессионалдык клубуна 20 жылдык мөөнөткө ижара келишими менен убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы, Н.Исанов атындагы жатак мектебинин футбол талаасын реконструкцияланып жаткандыгына байланыштуу, футбол талаанын күн чыгыш тарабынан 400м2 жер тилкесин, Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Нефтчи» Профессионалдык клубуна көп жылдык мөөнөткө ижара келишими менен убактылуу пайдаланууга 2025-жылдын 12-августундагы 01-28/2476 сандуу мэриянын чыгыш катын карап чыгып, шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Н.Исанов атындагы жатак мектебинин футбол талаасынын күн чыгыш тарабындагы муниципалдык меникте турган 400м2 жер тилкесин, Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Нефтчи» Профессионалдык футболдук клубу коомдук фондуна 20 жылдык мөөнөткө ижара келишими менен убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.А.Абдуразаков |