ТиркемеКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-октябрындагы№ 732 токтомуна 2-тиркеме)

Редакцияот 29.10.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябрындагы № 732 токтомуна )

Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында чыгарылган мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга колдонулбайт.

3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (мындан ары – Бирдиктүү мамлекеттик реестр) жүргүзүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасында эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартибин белгилейт.

4. Баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылган учурдан тартып баалуу кагаздарды чыгаруу Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталды жана киргизилди деп эсептелет.

5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизбестен баалуу кагаздарды чыгарууга жол берилбейт.

6. Эмитенттер Бирдиктүү мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана уставдык капиталдын өлчөмүн, бир баалуу кагаздын номиналдык наркын жана баалуу кагаздардын санын өзгөртүүгө укуктуу.

7. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды каттоодо баалуу кагаздардын бардык чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат.

8. Баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышына өзүнчө мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат.

9. Баалуу кагаздарды чыгарылышына ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде, ошондой эле баалуу кагаздардын ээлеринин реестринен көчүрмөдө көрсөтүлүүгө тийиш.

10. Мамлекеттик каттоо номеринин долбоору баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты менен макулдашылгандан кийин гана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук бөлүмдөрү тиешелүү региондордо катталган эмитенттердин баалуу кагаздарынын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгарат.

2-глава. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби

11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзөт жана сактайт.