ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 7-октябры № П-402 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу

Редакцияот 07.10.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ

МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ

 

 

2026-жылдын 7-октябры П-402

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө

 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пунктуна ылайык, салык кызматынын органдарынын ишинде коррупциянын пайда болуу тобокелдигин азайтуу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары – Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова):

– ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 16-пунктуна ылайык каттасын;

– ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарларына, борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн, аймактык жана функционалдык башкармалыктарынын жетекчилерине жеткирсин.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 17-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жарыяланган датасын белгилөө менен жарыяласын.

4. Ички иликтөөлөр жана инспектордук контролдоо башкармалыгы (М.А. Осмоналиев):

– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

– күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;

– башка түзүмдүк бөлүктөр менен биргеликте Тизмекти өз убагында актуалдаштырууну туруктуу негизде жүргүзсүн.

5. Кадрлар башкармалыгы (Кумаш у. Кылычбек) кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана коррупциянын пайда болуу тобокелдигин азайтуу максатында салык кызматынын органдарынын кызматкерлерин ротациялоо планын түзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары кураторлук кылган түзүмдүк бөлүктөр тарабынан ушул буйруктун аткарылышын контролго алсын.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 16-октябрындагы № 277 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

9. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

А.Н. Шыкмаматов