ПравилаКүчүнө кире элек

КР КЭ 12-106:2026 «Курулуштагы геодезиялык иштер» Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 29-октябрындагы № 137-нпа буйругу менен бекитилген тиркеме)

Редакцияот 29.10.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

(Кыргыз Республикасынын Курулуш,

архитектура жана турак

жай-коммуналдык

чарба министрлигинин

2026-жылдын 29-октябрындагы

№ 137-нпа буйругу менен бекитилди

тиркеме)

 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ

____________________________________________________________________

Курулуштагы ченемдик документтер тутуму

 

КУРУЛУШТАГЫ ГЕОДЕЗИЯЛЫК ИШТЕР

 

Геодезические работы в строительстве

 

Geodetic works in building

 

Актуалдаштырылган редакция

КЧжЭ 3.01.03-84

____________________________________________________________________

Киргизүү датасы – 2026.11.14

 

1 Колдонуу тармагы

 

Бул курулуш эрежелери геодезиялык иштерди жүргүзүүгө, курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын геометриялык параметрлеринин тактыгын контролдоого, куруу, реконструкциялоо, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын куруунун жүрүшүндө алардын жылышуусуна жана деформациялануусуна мониторинг жүргүзүүгө жайылтылат.

Курулуш эрежелеринин талаптары, анын ичинде шаар куруу ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамдарга ылайык курулушка уруксаты жок жүргүзүлүп жаткан имараттарга жана курулмаларга, ошондой эле куруучулар (жеке жактар) тарабынан менчик жер тилкелеринде өз күчтөрү менен, анын ичинде жалданма жумушчуларды тартуу менен курулуп жаткан жеке турак жай курулуш объектилерине да жайылтылат.

 

2 Ченемдик шилтемелер

 

Ушул курулуш эрежелеринде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер колдонулду:

 

2.1 Ченемдик укуктук актылар

 

Кыргыз Республикасынын «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын «Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө» Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтому менен бекитилген «Кайтарылуучу чөлкөмдөрдү, алардын өлчөмүн, ушул максатта бөлүнгөн жерлерди пайдалануу режимин орнотуу жана бөлүнгөн тилкенин чегинде темир жол транспортунун жерлерин коргоо тартиби»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 7-июлундагы № 405 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында байланыш линияларын жана радиофикацияларды коргоо эрежелери»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-мартындагы № 172 токтому менен бекитилген «Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелери»

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 01-7/207 буйругу менен бекитилген «Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери»

 

2.2 Ченемдик-техникалык документтер

 

КР КЧ 12-02:2018 Курулуш өндүрүшүн уюштуруу

КР КЧ 23-05:2019 Табигый жана жасалма жарыктандыруу

КР КЧ 30-02:2025 «Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу»

КР КЧ 40-01:2023 Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана купрулмалар

КР КЭ 50-101:2025 Имараттардын жана курулмалардын негиздери

КР КЧжЭ 41-01:2016 Жылуулук тармактары

КЧжЭ 2.01.07-85* Жүктөмдөр жана таасирлер

КЧжЭ 2.04.03-85 Суу агындылоо. Тышкы тармактар жана түзүмдөр

КЧжЭ 2.05.06-85* Магистралдык түтүк өткөргүчтөр

КЧжЭ 2.06.04-82* Гидротехникалык курулмаларга жүктөмдөр жана таасирлер (толкундуу, муздуу жана кемелерден)

КЧжЭ 3.05.04-85* Суу менен камсыздоо жана суу агындылоо тышкы тармактары жана курулмалары

Курулуш үчүн инженердик-геодезиялык изилдөөлөр. II бөлүк. Курулуш үчүн инженердик-геодезиялык изилдөөлөр үчүн жер астындагы коммуникацияларды сүрөткө тартууну аткаруу. Эрежелердин жыйындысы 11-104-97

Имараттардын жана курулмалардын көтөрүүчү курулуш конструкцияларын текшерүү эрежелери. Эрежелердин жыйындысы 13-102-2003

МАКЧ 4.03-01-2003 Газ бөлүштүргүч тутумдар

МАМСТ 12.1.051-90 Эмгек коопсуздугу стандарттарынын тутуму

МАМСТ 7502-98 Өлчөгүч металл рулеткалар. Техникалык шарттар

МАМСТ 21778-81 Курулушта геометриялык параметрлердин тактыгын камсыздоо тутуму. Негизги жоболор

МАМСТ 22268-76 Геодезия. Терминдер жана аныктамалар

МАМСТ 23616-79 Курулушта геометриялык параметрлердин тактыгын камсыздоо тутуму. Тактыкты контролдоо

МАМСТ 24846-2019 Топурактар. Имараттар жана курулмалардын негиздеринин деформацияларын өлчөө методдору

МАМСТ 26433.0-85 Курулушта геометриялык параметрлердин тактыгын камсыздоо тутуму. Өлчөөнү аткаруу эрежелери. Жалпы жоболор

МАМСТ Р 51872-2002 Аткаруучу геодезиялык документтер. Аткаруу эрежелери

ЭТОЭ. Электр түзүлүштөрүн орнотуу эрежелери

Э с к е р т ү ү – Ушул курулуш эрежелерин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан шилтеме берилген ченемдик документтердин күчүндө экендигин Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органынын жана архитектура-курулуш ишмердиги чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү маалыматтык көрсөткүчтөрү боюнча текшерүү максатка ылайык. Аталган көрсөткүчтөр учурдагы жылы жарыяланат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан курулуш боюнча ченемдик документтердин «КК курулуш каталогу» тиешелүү жылга карата көрсөткүчү боюнча текшерүү сунушталат.

Эгерде шилтеме документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда бул курулуш эрежелерин пайдаланууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документти жетекчиликке алуу керек. Эгерде шилтеме документ алмаштырылбастан жокко чыгарылса, анда ага шилтеме берилген жобо ошол шилтемеге тиешеси жок бөлүгүндө колдонулат.

 

3 Терминдер жана аныктамалар

 

Ушул курулуш эрежелеринде МАМСТ 22268, МАМСТ 26433.0., боюнча терминдер, ошондой эле тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулду:

3.1 геодезиялык байламта: Жергиликтүү жерде бекитилген чекиттердин, имараттардын жана алардын элементтеринин кабыл алынган координаттар жана бийиктиктер системасындагы ордун аныктоо.

3.2 кокустук каталар: Ар бир конкреттүү өлчөөдө алардын аракеттеринин мүнөзү белгисиз болгон, статистикалык мыйзам ченемдүүлүктөргө гана баш ийген каталар.

3.3 түзөтүү: Өлчөөнүн оңдолбогон натыйжасына киргизилүүчү чоңдуктун мааниси;

3.4 геодезиялык негиз: Жалпы координаттар тутумунда абалы аныкталган, жергиликтүү жерде же курулмада бекитилген геодезиялык пункттардын жыйындысы.

3.5 аткаруучу сүрөткө тартуу: Курулуш конструкцияларынын жана технологиялык жабдуулардын бөлүштүрүү окторуна карата иш жүзүндөгү абалын аныктоо негизги мазмуну болуп саналган процесс.

3.6 аткаруучу чийме: Курулган же реконструкцияланган курулуш объектисинин, анын элементтеринин жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын максатын, мүнөздөмөлөрүн, иш жүзүндөгү пландык-бийиктик абалын аныктаган отчеттук документ.

3.7 сактоо зонасы: Инженердик-техникалык камсыздоонун жер астындагы тармактарынын боюнда (айланасында) жайгашкан, аларга тышкы факторлордун терс таасирин алдын алуу максатында белгилүү параметрлерде орнотулган аймак.

3.8 бийик деформациялык геодезиялык негиз: Негизги курулуш конструкцияларынын чөгүшүнө байкоо жүргүзүүгө арналган тышкы бийик геодезиялык негизди жыш кылуучу тармак.

3.9 тереңдик репери: Иш жүзүндө кысылбаган топуракка салынуучу жана бийиктик белгисин сактоого арналган фундаменталдуу геодезиялык белги.

3.10 чөгүүнү деформациялоочу марка: Бийиктик деформацияларын байкоого арналган, курулуш конструкциясына, дубалга, полго, кабатка жана башка конструкцияларга бекитилген шкала (шкалалар) же шарик түрүндөгү түзүлүш.

3.11 курулманын чөгүшү: Анын пайдубалын тыгыздоо, же курулманын (же анын бөлүктөрүнүн) вертикалдуу өлчөмдөрүн азайтуудан келип чыккан курулманын жылышуусу.

3.12 абсолюттук чөгүү: Баштапкы бийиктик таяныч геодезиялык негизге карата алынган чөгүүнүн чоңдугу.

3.13 чектүү ката: Белгиленген ыктымалдуулук менен өлчөөлөрдүн натыйжаларынын каталарынын абсолюттук чоңдугунан ашпоого тийиш болгон ката.

3.14 реперлер тобу: Эң туруктуу реперди аныктоо максатында атайын программа боюнча жогорку тактыктагы геометриялык нивелирлөө аткарылуучу, бири-биринен бирдей аралыктагы үч бурчтуктун (квадраттын ж.б.) чокуларында жайгашкан үч жана андан көп тышкы бийиктик таяныч геодезиялык негизинин тереңдик реперлери.

3.15 учурдагы чөгүү: Мурунку жана кийинки циклдердин белгилеринин айырмасы катары алынган ар кандай репердин чөгүү чоңдугу.

3.16 ийилүү: Конструкциянын иштешин мүнөздөгөн күч, температура жана башка жүктөмдөрдөн жана таасирлерден келип чыккан деформациянын натыйжасында устундун арканын, раманын жана (же) конструкциялардын башка бөлүктөрүнүн огунда жаткан белгилүү чекиттин вертикалдык жылышуусу.

3.17 ГНСТ: Глобалдык навигациялык спутниктик тутумдар.

 

4 Жалпы жоболор

 

4.1 Курулуш эрежелери имараттарды жана курулмаларды курууда, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын орнотууда жетекчиликке алынууга тийиш.

4.2 Геодезиялык иштер курулуш өндүрүшүнүн технологиялык процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана аларды жалпы курулуш, монтаждоо жана атайын иштерди аткаруу мөөнөттөрү менен байланышкан, ошол курулуш аянты үчүн долбоор боюнча жана бирдиктүү график боюнча жүргүзүү керек.

4.3 Курулуштагы геодезиялык иштер курулуштун башкы пландарынын долбоорлоруна ылайык курулуп жаткан объекттерди жайгаштырууну, долбоордук документтерге киргизилген геометриялык параметрлерди ишке ашырууну камсыз кылуучу көлөмдө жана зарыл болгон тактыкта аткарылууга тийиш.

4.4 Иш жүргүзүү процессинде технологиялык жабдууларды монтаждоо, курулуп жаткан конструкцияларга мониторинг жүргүзүү үчүн өлчөөлөрдү аткаруунун тактыгын эсептөөдө долбоордук документтерде каралган кошумча талаптарды сактоо зарыл.

4.5 Аскердик инфраструктура объекттерине, радиоактивдүү жана жардыргыч заттарды жана материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо объекттерине, химиялык жана башка куралдарды сактоо жана жок кылуу боюнча объекттерге, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо менен байланышкан кошумча талаптар белгиленген башка объекттерге карата мамлекеттик тапшырыкчылар, көрсөтүлгөн объекттердин коопсуздугу жаатында ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органдары жана мамлекеттик контракттар (келишимдер) тарабынан белгиленген талаптар кошумча сакталууга тийиш.

4.6 Иштерди баштоого чейин жана андан ары геодезиялык приборлор текшерүүдөн өткөрүлүп, жөнгө салынышы керек. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу приборлорду текшерүүнүн эрежелерине жана мезгилдүүлүгүнө ылайык, приборлорду өндүрүүчүлөрдүн нускамаларынын жана коштоочу документтеринин талаптарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» жана «Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө» мыйзамдарынын, МАМСТ 7502 талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

4.7 Курулуш аянтында аткарылуучу геодезиялык иштердин курамына төмөнкүлөр кирет:

а) курулуш үчүн геодезиялык бөлүү негизин түзүү, тургузулуучу объекттердин, инженердик-техникалык тармактардын негизги окторун натурага чыгаруу жана курулуш учурунда курулманын чөгүшүн жана кыйшаюусуна мониторинг жүргүзүү үчүн;

б) имараттын (курулманын) ички бөлүү тармагын баштапкы жана монтаждоо горизонтторунда жана сызыктуу курулмаларды куруу үчүн бөлүү тармагын түзүү, эгерде бул геодезиялык иштерди жүргүзүү долбоорунда же иш жүргүзүү долбоорунда каралган болсо анын ичинде аянт ичиндеги, технологиялык жабдууларды монтаждоо;

в) деталдуу бөлүү иштерин жүргүзүү;

г) имараттардын жана курулмалардын геометриялык параметрлеринин тактыгын геодезиялык контролдоо, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын орнотуу жана МАМСТ Р 51872 ылайык аткаруучу геодезиялык документтерди түзүү менен аткаруучу сүрөткө тартуу (В.1–В.8 ушул эрежелер жыйнагынан кара);

д) эгерде долбоордук документтерде каралып, автордук көзөмөл же мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан белгиленген болсо имараттардын (курулмалардын) жана алардын бөлүктөрүнүн негиздеринин, конструкцияларынын жылышууларын жана деформацияларын геодезиялык өлчөө.

4.8 Курулушта иштерди жүргүзүү долбоорлорун толук же толук эмес көлөмдө иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте геодезиялык иштерди жүргүзүү долбоорлорун ГИЖП иштеп чыгуу керек.

4.9 Толук көлөмдөгү ГИЖП курулушту уюштуруу долбооруна (КУД) кирген геодезиялык иштерди уюштуруу долбоорунда (ГИУД) кабыл алынган чечимдерди колдонуу менен иштеп чыгууга тийиш.

Толук көлөмдөгү ГИЖП төмөнкү учурларда иштелип чыгууга тийиш:

- шаар аймагындагы ар кандай курулуш үчүн;

- иштеп жаткан ишкананын аймагында ар кандай курулуш учурунда;

- татаал жаратылыш жана геологиялык шарттарда, ошондой эле техникалык жактан татаал объекттерди курууда, курулушка уруксат берүүчү органдын талабы боюнча жана курулуш-монтаждоо жана атайын иштерди аткаруу үчүн.

Калган учурларда ГИЖП курулушка жетекчиликти жүзөгө ашыруучу адамдын чечими боюнча толук эмес көлөмдө иштелип чыгат.

4.10 Толук көлөмдөгү ГИЖП төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

а) курулуш аянтындагы геодезиялык бөлүүчү негиздин белгилеринин жайгашкан жерин көрсөтүүлөр;

б) баштапкы горизонттогу ички бөлүүчү негиздин белгилеринин жана ориентирлеринин жайгашкан жерин көрсөтүүлөр;

в) монтаждоо горизонтторундагы геодезиялык бөлүүчү негиздин жайгаштырылган белгилеринин тактык параметрлери;

г) айрым конструкциялардын, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын чөгүшүнө жана деформацияларына мониторинг жүргүзүүдө иштерди аткаруунун тактыгына талаптар;

д) иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон тактыктагы өлчөө приборлорунун жана шаймандарынын сунушталган тизмеси;

е) өлчөө каражаттарына эксплуатациялоочу документтердин техникалык шарттарын эске алуу менен өлчөө каражаттарына пландуу текшерүүлөрдү жана жөнгө салууларды жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө көрсөтмөлөр;

ж) аткаруучу геодезиялык документациянын тизмеси жана үлгүлөрү.

Толук эмес көлөмдө ГИЖП курулуш жана ички бөлүү негизи үчүн геодезиялык бөлүүчү негиздин белгилерин жайгаштыруу схемаларын, геодезиялык приборлордун жана шаймандардын тизмесин, иштерди аткаруунун тактык параметрлерин, аткаруучу геодезиялык документтердин тизмесин жана үлгүлөрүн камтууга тийиш.

4.11 Бийик имараттарды жана комплекстерди куруу үчүн ГИЖП төмөнкү бөлүмдөрдү камтууга тийиш:

4.11.1 Баштапкы жана монтаждоо горизонтторундагы геодезиялык пландык жана бийиктик негизинин белгилерин жайгаштыруу (жайгашкан жери) жөнүндө көрсөтмөлөр, анын ичинде тургузулуп жаткан имараттардын жана комплекстердин окторунун багыттары боюнча түз сызыктар, алардын тышкы жана башка контурлары, борбордук октору (зарыл болгон учурда), бийиктик реперлерин же алардын топторун жайгаштыруу жерлери, иштерди жүргүзүүнү уюштуру жана технологиясы, зарыл болгон тактыктагы өлчөө приборлорунун жана шаймандарынын сунушталган тизмеси.

ГИЖПда тургузулуп жаткан бийик имараттардын жана комплекстердин ар бир тарабына жайгаштырылган түз белгилердин санын көрсөтүү керек, бирок бардык учурларда алардын саны ар бир түз жерде үчтөн кем болбошу керек.

Курулуш иштерин жүргүзүү процессинде бийик имараттардын жана комплекстердин мүмкүн болгон чөгүшүнө жана кыйшаюусуна байкоо жүргүзүү үчүн белгилерди жайгаштыруу жана айрым конструкциялык элементтердин мүмкүн болгон чөгүшүнө байкоо жүргүзүү мезгилдүүлүгү иштелип чыгат.

4.11.2 Бөлүштүрүү негизинин жайгашуусу курулуштун бүткүл мезгилине негизги белгилердин сакталышын жана туруктуулугун эске алуу менен долбоорлоо зарыл. Негиздин курамына эгерде жакын жайгашкан аймактардагы топурактардын көөп чыгуусуна же чөгүшүнө таасир этүүчү котловандардын, пайдубалдардын жана имараттын конструкцияларынын геотехникалык изилдөөлөрүнүн корутундуларында башка аралыктар сунушталбаса, имараттын узунунан жана туурасынан кеткен окторунун кесилишиндеги чекиттер, имараттын тышкы контурун чектеген чекиттер жана октордун тегиздиктеринде жайгашкан, контур боюнча узундугу 150 м чейинки аралыкта жайгашкан чекиттер, тилкенин туурасы боюнча 3 м ашык, ошондой эле курулуп жаткан имараттан 0,5 км ашпаган аралыкта жайгашкан үчтөн кем эмес реперлер киргизилиши керек.

Бийик имараттарды жана комплекстерди курулуш аймактарына жайгаштырууда, Геодезиялык жумуштарды уюштуруу долбоорунда (ГЖУД) курчап турган чөйрөнүн объектилери жана алардын чөгүшүнө жана деформациясына мониторинг жүргүзүү белгилеринин жайгашуусу көрсөтүлүшү керек.

4.11.3 Геодезиялык бөлүүчү негизди түзүү үчүн колдонуудагы геодезиялык тармактардын баштапкы маалыматтарын жана Глобалдык Навигациялык Спутниктик Системалардын технологияларын пайдалануу керек. Глобалдык Навигациялык Спутник Системасынын технологиясынын баштапкы маалыматтары. Бөлүүчү негиздин белгилери, алардын түрлөрү жана конструкциялары Г тиркемесинде келтирилген.

Геодезиялык тышкы негиздин белгилерин жана реперлерди жайгаштыруучу жерлер Геодезиялык жумуштарды уюштуруу долбоорунун (ГЖУД) курамында аныкталып, долбоорлорду (КУД, ГИЖП) иштеп чыгууда эске алынышы керек.

Геодезиялык негиздин белгилеринин жана реперлеринин жайгашкан жерлери курулуштун бардык этаптарында алардын сакталышын жана курулуш конструкцияларынын жана алардын бөлүктөрүнүн деформацияларын байкоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо менен долбоорлонууга тийиш.

4.11.4 Курулушту ГНСТ прибордук-инструменталдык комплекстери менен геодезиялык камсыздоо ыкмаларын жана технологияларын колдонуп долбоорлоодо бөлүүчү негиздин белгилерин курулуш объектисинин жанына жайгаштыруу керек, мында спутниктик технологияларды жана өлчөө ыкмаларын колдонуу белгилүү координаттары бар чекиттердеги базалык кабылдагычтардын антенналарына же аймактын базалык станцияларына карата белгилердин борборлорунун өз ара абалын планда аныктоого мүмкүндүк берет: 5 мм + 0,5 мм/км, бийиктиги боюнча 10 мм + 0,5 мм/км.

Бийик имараттарды жана комплекстерди тургузуу үчүн долбоорлонуп жаткан бөлүүчү негиздин белгилери үчүн алардын өз ара жайгашкан жерин планда 10 мм ашпаган жана бийиктиги боюнча 20 мм ашпаган чектик ката менен аныктоо мүмкүнчүлүгү каралышы керек.

Негиздин белгилеринин координаттарын спутниктик ыкмалар менен базалык станцияларга салыштырмалуу аныктоонун чектик катасы акыркы иштеп чыгуу режиминде 20 мм ашпоого тийиш.

4.12 Куруучу (техникалык тапшырыкчы) тарабынан башкы подрядчыга (подрядчыга) геодезиялык бөлүүчү негиздердин белгилерин өткөрүп берүүдө эгерде ГИЖПда, же курулуштун башкы планын иштеп чыгууда колдонулган башка координаттар жана бийиктитер тутуму колдонулбаса жана ГИЖПда кабыл алынбаса, өткөрүп берүү-кабыл алуу актысына белгилердин координаттарынын каталогдору жана КЖТ (координаттын жергиликтүү тутумдары) тутумундагы реперлердин белгилери тиркелиши керек.

4.13 Башкы подрядчы (подрядчы) жумуш жүргүзүү үчүн кабыл алган геодезиялык бөлүүчү негиздин белгилери курулуш процессинин бүткүл мезгилинде сакталышы керек, ал эми алардын сакталышы жана туруктуулугу жылына эки жолудан кем эмес текшерилиши керек (жаз жана күз-кыш мезгилдеринде).

4.14 Жер казуу иштеринин, конструкцияларды орнотуу, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын төшөө жана курулуш инфраструктурасынын башка элементтеринин сапатын контролдоо жана алардын долбоорго шайкештиги аткарылган иштердин аткаруучу геодезиялык схемалардагы графикалык жана санариптик жана координаттар каталогдорундагы маалыматтарга шайкештигин текшерүүдөн турушу керек.

Тийиштүү түрдө аткарылган аткаруучу геодезиялык схемаларга иш аткаруучу жана жетекчи тарабынан кол коюлушу керек жана В.2–В.9 тиркемелеринде келтирилген үлгүлөргө шайкеш келиши керек.

4.15 Курулуш аянтында геодезиялык иштерди аткаруудан мурун бөлүү иштеринде колдонулган жумушчу чиймелер өлчөмдөрдүн, координаттардын жана белгилердин (бийиктиктердин) өз ара байланышы бөлүгүндө текшерилип, тапшы-рыкчынын техникалык көзөмөлү тарабынан өндүрүшкө уруксат берилиши керек.

 

5 Курулуш үчүн геодезиялык бөлүүчү негиз

 

5.1 Курулуш аянтында же курулуш объектисинин жанында геодезиялык бөлүүчү негиз жергиликтүү имараттын (курулманын) абалын аныктоочу жана зарыл болгон тактык менен курулуш процессинде мындан аркы курулуштарды жана өлчөөлөрдү аткарууну камсыз кылуучу белгилер менен бекитилген геодезиялык пункттардын тармагы түрүндө түзүлүшү керек.

5.2 Курулуштагы геодезиялык бөлүүчү негиз төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлүшү керек:

долбоорлонуп жаткан жана колдонуудагы имараттардын, курулмалардын, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын жана башка инфраструктуралык объектилердин жайгашуусун;

курулуштун бүткүл мезгили ичинде бөлүүчү негиздин бекитүүчү пункттарынын сакталышын жана туруктуулугун камсыз кылууну;

долбоордук документте бул жөнүндө көрсөтүлгөн учурда курулуш районундагы белгилердин сакталышына жана абалынын туруктуулугуна терс таасир тийгизе турган геологиялык жана башка таасирлерди;

түзүлгөн геодезиялык бөлүүчү негизди курулган объектти эксплуатациялоо процессинде, аны кеңейтүүдө жана реконструкциялоодо колдонууну.

5.3 Курулуш үчүн геодезиялык бөлүүчү негизди куруу боюнча жумуш-тарды курулуш объектисинин башкы планынын жана курулуш башкы планынын негизинде иштелип чыккан ГИЖПнын көрсөтмөлөрүнө ылайык аткаруу керек.

5.4 «Чекиттүү» деп аталган курулуш учурунда, долбоорлонуп жаткан бир же эки имараты бар курулуш аянты жакын жайгашкан капиталдык имараттар менен курулмалардын ичинде, же аларга жанаша жайгашканда, курулуш үчүн геодезиялык негизди толук эмес көлөмдө түзүү керек. Бул учурда долбоорлонуп жаткан имараттардын, инженердик инфраструктуранын негизги окторун натурага чыгаруу жакын жайгашкан капиталдык имараттар менен курулмалардын мүнөздүү чекиттеринен ишке ашырылат. Бийиктик белгилери аймактагы курулуштардын реперлеринен аныкталат. Реперлердин жайгашкан жери курулуп жаткан имарат-тардын чөгүшүнөн деформациялык таасир этүү зонасынын тышында болуш керек.

Курулуш үчүн геодезиялык бөлүүчү негиздин пункттарын бекитүү Е тиркемесинин талаптарына ылайык же белгиленген ГИЖПга ылайык жүргүзүлүшү керек.

5.5 Курулуш үчүн геодезиялык бөлүүчү негиздин пункттарынын пландык координаттарын аныктоо изилдөө иштерин жүргүзүү мезгилинде коюлган белгилерди жана реперлерди кошуу менен сызыктуу-бурчтук курулмалар (триангуляция, полигонометрия), спутниктик координаттарды аныктоо жолу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

5.6 Инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактарынын трассаларын төшөөдө, бөлүүчү тармак трассаларга параллель болгон жана алардын узак мөөнөттүү сакталышын камсыз кылуучу жерлерде жайгашкан линиялар түрүндө түзүлүшү керек.

5.7 ГНСТ прибордук-аспаптык комплекстерин колдонуу менен бөлүү иштерин аткарууда тармактын базалык пункттарын спутниктик технологияларды жана өлчөө ыкмаларын колдонуу талап кылынган ченемдик тактыкты (5.1-таблица) камсыз кыла турган жерлерде жайгаштыруу керек.

5.8 Геодезиялык бөлүүчү негиздин пункттарынын пландык абалы аныкта-луучу координаттар тутумун курулуш объектисинин башкы планынын жана куру-луш генералдык планынын координаттар тутуму менен байланыштыруу керек.

5.9 Регионалдык координаттар тутумунда иштелип чыккан долбоордук документтерди ишке ашырууда курулуш үчүн геодезиялык бөлүүчү негизди курулуш районунда колдонуудагы мамлекеттик геодезиялык тармактардын пункттарына, же координаттар жана белгилер тутумдарында координаттары жана белгилери бар тармактардын пункттарына байланыштыруу менен түзүү керек.

5.10 Курулуштун геодезиялык бөлүүчү негизинин пункттарынын жыштыгына жана жайгашуусуна болгон талаптар жана аларды планда жана бийиктикте аныктоонун жол берилген каталары 5.1-таблицада келтирилген критерийлер боюнча кабыл алынышы керек.

 

5.1 - т а б л и ц а

 

Курулуш объектисинин мүнөздөмөсү:

Курулуштун бөлүүчү негизин түзүүдөгү орточо квадраттык каталардын чоңдуктары

X, Y бөлүүчү негиздин чектеш пункт-тарынын өз ара пландык абалы-нын чектик каталары

X, Y, мм

Бөлүүчү негиздин чектеш пунктта-рынын өз ара бийик-тик абалы-нын чектик каталары, мм

Курулуш аянтында (курула элек) курулуштун бөлүүчү негизинин пункттары-нын жыштыгы

Бурч-тук өлчөө-лөр

Сызык-туу

өлчөө-лөр

Курулуштун бөлүүчү не-гизинин чек-теш пунктта-рынын өз ара бийиктик абалынын чектик каталары, мм (курулган же курула элек аймакта)

  1 Аянты 1 км2 ашкан

участоктордогу иш-каналар жана имараттар (курулмалар) топтору; курулуш аянты 100 миң м2 ашкан өзүнчө турган имараттар (курулмалар).

 

3

1

3 (10)

50

10

16 (4)

25000

2 Аянты 1 км² кичине

Болгон участоктордогу ишканалар жана имарат-тар (курулмалар) топтору; курулуш аянты 10 миңден 100 миң м² чейинки өзүнчө турган имараттар (курулмалар).

 

5

1

6

30

5

9

10000

 

5.1-таблицанын аягы

 

Курулуш объектисинин мүнөздөмөсү:

Курулуштун бөлүүчү негизин түзүүдөгү орточо квадраттык каталардын чоңдуктары

X, Y бөлүүчү негиздин чектеш пунктта-рынын өз ара план-дык абалы-нын чектик каталары X, Y, мм

Бөлүүчү негиздин чектеш пунктта-рынын өз ара бийик-тик абалы-нын чектик каталары, мм

Курулуш аянтында (курула элек) курулуштун бөлүүчү негизинин пункттарынын жыштыгы

Бурч-тук өлчөөлөр

Сызык-туу өл-чөөлөр

Курулуштун бөлүүчү негизинин чектеш пункттары-

нын өз ара бийиктик абалынын чектик ката-лары, мм (курулган же курула элек аймакта)

3 Курулуш аянты 10 миң м² кичине болгон өзүнчө турган имараттар (курулмалар); курулуп жаткан аймактардын чегиндеги инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактары

 

10

1