Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенешинин «Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылдын бекитилген бюджетинен акча каражаттарын башка беренелерге жылдыруу жɵнүндɵ» №12/2 токтому
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-августу №12/2
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылдын бекитилген бюджетинен акча каражаттарын башка беренелерге жылдыруу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана айыл ɵкмɵтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык ɵнүктүрүү бɵлүмүнүн башчысы К.Ибраимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылдагы кабыл алынган бюджетинин АУП тармагынын 3111 беренеси боюнча бɵлүнгɵн акча каражатынын ичинен, 229849 сом, 3112 беренеси боюнча бɵлүнгɵн 600000 сом акча каражаты жана билим берүүнүн мектеп тармагынан 3111 беренеси боюнча бɵлүнгɵн акча каражатынын ичинен 41180 сом акча каражаты, бардыгы 871029 сом АУПтун тармагынын 2215 ар кандай кызмат кɵрсɵтүү беренесине жылдырылсын;
2. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2026-жылдагы кабыл алынган бюджетинин “Жумгал-Алтын-Ай” бала бакча тармагынын атайын эсебиндеги 2218 беренеси боюнча бɵлүнгɵн 150800 сом акча каражаты тɵмɵндɵгү бала бакчалардын атайын эсебиндеги 2218 беренеси боюнча бɵлүнүп жылдырылсын:
1) “Кызарт” бала бакчасына-28800 сом
2) “Кызарт келечеги” бала бакчасына-41300 сом
3) “Таң-Нуру” бала бакчасына-28700 сом
4) “Ак-Жолтой-Апа” бала бакчасына-41300 сом
5) “Балалык уясы” бала бакчасына-10700 сом
Жалпы: 150800 сом
3. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл ɵкмɵтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кɵчүрмɵсү тиркемелери менен бирге Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктɵлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |