ТоктомКүчүндө

Кызщыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы №128 «Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 02.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин XXVIII сессиясы

(VIII чакырылышы)

 

2026-жылдын 2-октябры № 28/128

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын               28-сентябрындагы №33 протоколуна негиз, “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 Жарлыгына ылайык Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.    Кызыл–Кыя  шаарынын жергиликтүү  коомдоштуктарынын жыйыны  2026-жылдын24-октябры ишемби күнү саат 10 00 гө чакырылсын.

2.    Коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин ( тиркеме 1).

3.    Коомдоштуктардын жыйынын өткөрүүнүн тартибин иштеп чыгуу жагы жумушчу топко жүктөлсүн.

4.    Коомдоштуктардын жыйынынын делегаттарынын саны 150 киши болуп бекитилсин.

5.    Коомдоштуктардын жыйынынын делегаттарын шайлоо боюнча участоктордун бөлүнүшү, чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, чогулуштарды өткөрүүгө жооптуулар, участоктор боюнча делегаттардын саны бекитилсин (тиркеме 2).

6.    Коомдоштуктардын жыйынынын күн тартибине төмөнкү маселелер сунушталсын:

1)      Элдик Курултайга алып чыга турган маселени аныктоо.

2)      2026-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында өтө турган V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо.

7.    Коомдоштуктардын жыйыны мэриянын имаратынын чоң залында өткөрүлсүн.

8.    Коомдоштуктардын жыйынынын уюштуруу иштерин жүргүзүү жана техникалык жактан камсыздоо жумушчу топко жана мэрияга жүктөлсүн.

9.    Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

10.  Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

11.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы У.Дариповага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                

А.Мурзаев

 

 

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы

№28/128  токтомуна

Тиркеме 1

Кызыл-Кыя шаарынын коомдоштуктарынын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

1.      Мурзаев А.Ы –жумушчу топтун төрагасы, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы;

2.      ДариповаУ.М  –жумушчу топтун катчысы, Кызыл-Кыя шаардык

кеңешинин жооптуу катчысы;

Мүчөлөрү:

3.      Султанов Ж –Кызыл -Кыя шаардык кеңешинин депутаты;

4.      Эшматова Х.Т –Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;

5.      Самидинов Г.А –Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;

6.      Имаров Ю.З –Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;

7.      Эрдавлетов Н.Т –Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;

8.      Алимбекова Т.Ж –Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары;

9.      Жолболду к.Ыхвалай –Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын башкы адиси;

10.  Октонбеков К.К –Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын адиси;

11.  Кыпчаков Н.А             –ММДнын башчысы;

12.  ДалибаевТ. –шаардык ардагерлер кенешинин төрагасы;

13.  Үсөнова Г.К –шаардык аялдар кеңешинин төрайымы.

Жооптуу катчы                                                      У.Дарипова

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы