Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы №28/132 «Land Rover, Range Rover үлгүсүндөгү женил автотранспорт каражатын өткөрүп алуу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин XXVIII сессиясы
(VIII чакырылышы)
2026-жылдын 2-октябры № 28/132
Land Rover, Range Rover үлгүсүндөгү женил автотранспорт каражатын өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 21-сентябрындагы №26 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынан 2013-жылы чыгарылган кузову №SALGA2EF6DA116896, Land Rover, Range Rover үлгүсүндөгү женил автотранспорт каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынан 2013-жылы чыгарылган кузову №SALGA2EF6DA116896, Lande Rover, Range Rover үлгүсүндөгү женил автотранспорт каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп алууну камсыздасын.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Мурзаев