ТоктомКүчүндө

Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин 2026-жылынын 30-октябрындагы №1 «Шаардын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 30.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын 30-октябры №1

 

Шаардын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү

бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 115-беренесин жетекчиликке алып, Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 20.10.2026-жылдагы №01-17/3384, 29.10.2026-жылдагы №01-17/3465 “Шамалдуу-Сай шаарынын 2026-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” кайрылуу каттары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 20-cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 20.10.2026-жылдагы №01-17/3384, 29.10.2026-жылдагы №01-17/3465 “Шамалдуу-Сай шаарынын 2026-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаевдин маалыматы эске алынсын.

2. 2026-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджеттин планы 20980,0 мин кошумча толукталгандыгы белгиленип, Шамалдуу-Сай шаарынын 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 20980,0 мин сомго көбөйтүп, өзгөртүү киргизилсин.

1) Шамалдуу-сай шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча 20980,0 (жыйырма миллион тогуз жүз сексен миң) сом чыгымдоо жагы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп бекитилсин.

2) Шаарды таза суу менен камсыздоо кылуу системасын жакшыртуу боюнча долбоордук-сметалык документтерин (ДСД) даярдоого - 14 000 000 сом;

3) Шаардык мекемелердин жана коммуналдык обьектилердин электр энергиясына болгон төлөмдөрүнө – 1 500 000 сом;

4) Мусоровоз сатып алууга – 3 100 000;

5) Күйүүчү-майлоочу материалдарды (ГСМ) сатып алууга – 100 000 сом;

6) Мамлекеттик актыларды каттоо иштерине керектелүүчү чыгымдарга 700 000 сом;

7) КР Президентин шайлоосуна даярдык көрүү, пандус орнотуу, калыбына келтирүүгө 400 000 сом;

8) Жол белгилерин орнотуу иштерине метал түтүктөрүн (стойка) сатып алуу жана орнотууга 280 000 сом:

9) Шаар аймагындагы эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн казылган траншеяга кум менен толтуруу үчүн 760 000 сом:

10) Шаар аймагындагы эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн казылган жерди кайра көмүү үчүн 140 000 сом.

3. Шамалдуу-Сай шаардык мэриясынын 2026-жылдын сметасында сатып алуулардан үнөмдөлгөн жана жергиликтүү бюджеттен колдонулбаган шаардын бөлөк муктаждыктарына жылдыруу каражаттары төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, жылдырылып бекитилсин.

1) Шамалдуу-Сай шаарынын башкы планына каралган 4 202 011 сом төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

- Борбордук стадиондун кире беришине асфальт төшөө жана аймагын абаттоо иштерине – 3 430 872 сом;

- Жаш футболчуларды колдоого 100 000 сом;

- Стадиондун газонун күтүү үчүн суугаруучу шланга,капиллярдык суугаруу жабдууларын жанашаардын бак дарактарын актоого акиташ сатып алууга 238 405 сом;

- Стадиондун футболдук газонун калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө 457 548 сом:

2) Интернет орнотуудагы иштеринен үнөмдөлгөн 280 400 сом, шаар көчөлөрүндө жана коомдук жайларга бет таануу функциясы бар видеокөзөмөл камераларын орнотууга;

3) Шаарга стелла орнотууда үнөмдөлгөн 1 208447 сом, шаар аймагындагы эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө:

4) Муниципалдык менчик департаментинин 2215-беренесинен шаардык мэриянын 2222 беренесине 500 000 сом акча каражаты шаар аймагындагы мектептердин жана бала бакчаларга керектүү чыгымдарына которулсун.

5) Шаардык мэриянын 2222 буюмдарды сатып алуу беренесинен үнөмдөлгөн 438 741 сом стадионго керектүү эмеректерди жана кичи футбол дарбазаларды сатып алууга;

6) Шаардык мэриянын 2215 түрдүү чыгымдар беренесинен үнөмдөлгөн 218 300 сом, футболдук газонго керектүү үрөндөрдү жана азоттук жер семирткичтерди сатып алууга;

7) Шаардык мэриянын 2215 түрдүү чыгымдар беренесинен үнөмдөлгөн 215 000 сом, жаш футболчуларга турнир өткөрүүгө;

8) Шаардык мэриянын 2215 түрдүү чыгымдар беренесинен үнөмдөлгөн 190 000 сом, көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө каржылоого;

9) Муниципалдык менчик департементинин 2111 (эмгек акы) беренесинен үнөмдөлгөн акча каражаты, кайра эле ММД кызматкерлеринин эмгек акысына тиркемеге ылайык кошумча акча каражат кошуп берүү үчүн 600 000 сом берилбесин.

4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А. Джумаевге) жүктөлсүн.

 

 

Шамалдуу-Сай шаардык

депутаттар кеңешинин төрагасы:

 

З.А. Сатаров