ТоктомКүчүндө

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 95 «Кызыл-Ураан айылынын 41.712871, 73.283686 координатындагы жайытка тиешелүү 36м2 жер аянтын убактылуу ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2022-жылдын 26-августу  № 95

Кызыл-Ураан айылынын 41.712871, 73.283686 координатындагы жайытка тиешелүү 36м2  жер аянтын  убактылуу ижарага берүүгө макулдук  берүү жөнүндө

 

Үч-Терек жайыт комитетинин бухгалтери  Р.Жапаралиеванын Кызыл Ураан айылынын 41.712871, 73.283686 координатындагы жайыт жер аянтынан “Скай Мобайл” компаниясына мачта антеннасын орнотуу үчүн 36м2 жер аянтын ижарага берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек  айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги   XIII сессиясы  токтом кылат:

1.  Үч-Терек  жайыт комитетинин бухгалтери   Р.Жапаралиеванын   билдирүүсү эске алынсын.

2. Кызыл Ураан айылынын 41.712871,  73.283686 координатындагы жайыт жер аянтынан “Скай Мобайл” компаниясына мачта антеннасын орнотуу үчүн 36м2 жер аянтын келишимдин негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.

3.“Скай Мобайл” компаниясы менен Мыйзам чегинде келишим түзүү жагы  Жайыт комитетинин бухгалтери Р.Жапаралиевага милдеттендирилсин .

4. Бул токтом   www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып   мыйзамдуу күчүнө  кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

 

Үч-Терек айылдык кенешинин

 төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев