ТоктомКүчүндө

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 101 «Саргата айылындагы дыйкан чарбалардын сугат үлүшүн каттатуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2022-жылдын 26-августу  № 101

 

Саргата айылындагы дыйкан чарбалардын сугат  үлүшүн каттатуу  жөнүндө

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин  кезектеги XIII  сессиясы токтом кылат:

1. Саргата айылындагы Асанбай, Кашка-Терек, Таш-Башат,Төө-Жүгүн, Кара-Айгыр, Намаздык, Көк-Жар жана Түнкатар дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн сугат үлүшүн мамлекеттик Кадастр мекемесинен каттатууга   макулдук берилсин.

2. Белгиленген дыйкан чарбалардын сугат үлүшүн каттатуу боюнча   тиешелүү документацияларын бүткөрүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом    www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө  кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин

 төрагасы:

 

 

А. Дөөлөткелдиев