ТоктомКүчүндө

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 103 «Үч-Терек айылынын тургуну Шакиров Алмазбекке заманбап кафе куруу үчүн, 0,30га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2022-жылдын 26-августу  № 103

 

 Үч-Терек  айылынын тургуну  Шакиров Алмазбекке заманбап кафе куруу үчүн, 0,30га  жайыт жер аянтынын  багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Үч-Терек  айылынын тургуну Шакиров Алмазбекке Бишкек-Ош авто жолунун  316-чакырымындагы, жайытка караштуу 0,30га жер аянтына  заманбап кафе куруу үчүн, багытын өзгөртүүгө  макулдук берүү жөнүндөгү, Үч-Терек айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимин угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги   XIII сессиясы токтом кылат:

1.  Үч-Терек айылынын тургуну Шакиров Алмазбекке Бишкек-Ош авто жолунун  316-чакырымынын түштүк тарабынан, №441 контурдагы  жайытка караштуу 0,30га жер аянтына  заманбап кафе куруу үчүн, багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

            3. Бул токтом    www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө  кирет.

4.  Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кенешинин

 төрагасы:

 

 

А. Дөөлөткелдиев