ТоктомКүчүндө

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 105 «Камбар –Ата шаарчасынын тургуну Көкүмов Эмилбекке ишкана ачуу үчүн 0,10га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2022-жылдын 26-августу  № 105

 

Камбар –Ата шаарчасынын тургуну Көкүмов Эмилбекке ишкана  ачуу үчүн  0,10га  жайыт жер аянтынын багытын  өзгөртүүгө макулдук берүү   жөнүндө

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин  кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:

1.  Камбар –Ата шаарчасынын тургуну, жеке ишкер  Көкүмов Эмилбекке ишкана  ачуу үчүн, Бишкек-Ош авто жолунун 328-329-чакырымындагы Камбар-Ата шаарчасынын бурулушунан, остановканын күн батыш тарабынан №22 контурдагы  0,10га жайыт жер аянтынын багытын  өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтом    www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө  кирет.

 4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кенешинин

 төрагасы:

 

 

А. Дөөлөткелдиев