ТоктомКүчүндө

Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 12/1 «Күзгү оруп жыйууда кесек тоют даярдоочу жана дан эгиндерин жыйноочу техникалардын кызмат акыларынын сакталышы жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2014-жылдын 5-ноябры № 12/1

Күзгү оруп жыйууда кесек тоют даярдоочу жана дан эгиндерин жыйноочу техникалардын кызмат акыларынын сакталышы жөнүндө

Айыл аймагында күзгү оруп жыйуда кесек тоют даярдоочу жана дан эгиндерин жыйноочу техникалардын кызмат акыларынын сакталышы жөнүндө айыл башчылар С.Аденов жана А.Нурманбетовдун маалыматтын  угуп жана талкулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талаа-Булак айыл аймагында күзгү оруп жыйууда кесек тоют даярдоочу жана дан эгиндерин жыйууда кемчиликтер орун алынгандыгы белгиленсин.

2. Айыл аймагында кесек тоют даярдоочу жана дан эгиндерин жыйноочу техникалардын кызмат акыларын сунуштоодо күйүчү майлоочу майлардын жана техникалардын тетиктеринин баалары эске алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү “Айыл чарбасы,жер,айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.

 

Тѳрага:

Н. Керимкулов