Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-июлу № 33/121
Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу “Караван” башкармалыгынын тургандарына жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда бөлүнүп берилип, жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кызыл–Кыя шаардык кеңешине шаарга караштуу Караван, Ак–Булак жана Жин–Жиген айылдарынын айыл башчылары кайрылышкан. Алар өздөрүнүн кайрылууларында: тургундарыбыз жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда бөлүнүп берилип, жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан жер тилкелерине ошол убактагы жер тилкелерин бөлүп берүүгө укуктуу органдын токтомдору, чечимдери жок болуп жаткандыгына байланыштуу, жеке менчикке ээлик кылуу укугун берүү боюнча мамлекеттик актыларды ала албай жатышкандыгы, ошондой эле шаардык кеңештин 2009–жылдын 23–октябрындагы №10/54 токтомунун 1–пункту менен «Жалпы шаар боюнча жеке менчик турак жай куруу үчүн Кызыл–Кыя шаарынын жана Ак–Булак, Караван, Жин–Жиген айылдарынын аймактарынан берилүүчү жер участкаларынын аянты 0,06 га өлчөмүндө бекитилсин»,–деген чечимине негиз, аларга мурда бөлүнүп берилген жер тилкелеринин аянты көп болгондуктан жер тилкелерин мыйзамдаштырып ала албай жүргөндүктөрүн билдиришип, элдин ушул көйгөйлүү маселесин чечип берүүнү суранышкан.
Белгилеп кетүү керек, шаардын жана шаарга караштуу “Караван”башкармалыгынын тургандарынын мурда бөлүнүп берилип, жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан жер тилкелери 2002–жылы башталып жүргүзүлгөн жалпы республикалык системдик регистрацияда аянттары өлчөнүп, жер тилкелеринин ошол убактагы аянттары айыл Өкмөтүнүн чарба китебине киргизилип, ошол жер тилкелеринин аянттарына жараша жер салыктарын төлөп келишкендигин. Ага карабастан алардын жер тилкелери мыйзамдаштырылбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айыл чарбасына берилип жаткан жеңилдетилген насыяларды ала албай келишүүдө. Ошол жер тилкелеринин айрымдары алардын ата–энелерине бөлүнүп берилип, алардын көзү өтүп кеткенден кийин балдарына мурас катары калган. Азыркы күндө балдары ошол жер тилкелерин өздөрүнө мыйзамдаштыра алышпай жүрүшөт.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван, Ак–Булак жана Жин–Жиген айылдарынын айыл башчыларынын кайрылууларын эске алып, шаар жана айыл тургундарынын эң көйгөйлүү маселелеринин бири болгон жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда бөлүнүп берилип, жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин чечип берүү максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу “Караван” башкармалыгынын тургандарына жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда бөлүнүп берилип, жеке менчик турак жайлар курулуп пайдаланылып жаткан, бүгүнкү күнгө ошол жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча ошол убактагы жер тилкелерин бөлүп берүүгө укуктуу органдын токтомдору, чечимдери жок болуп жаткан жарандарга жер тилкелерин 2002–жылы башталып жүргүзүлгөн жалпы республикалык системдик регистрациянын маалыматына негиз, ошол убакта өлчөнүп чарба китебине киргизилген жер аянттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мыйзамдаштырып берүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |