Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/27
Баткен шаарында балдар бакчаларына көрүлүп жаткан камкордуктар жана жардамдар, жаңы балдар бакчаларын куруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө
Баткен шаарынын аймагындагы 2 типтүү, 2 ынгайлаштырылган, 1 жамааттык балдар бакчаларында, 2 жаштан 7 жашка чейинки 1044 бала тарбия алып келе жатат.
Балдарга тарбия берүүдө аталган: “Өрүк зар”, “Алтын-Бешик” бакчалары типтүү, “Данектай”, “Ак-Тилек” балдар бакчалары ыңгайлаштырылган жана жамааттык балдар бакчалары ар бири өзүнчө өзгөчөлүктөрү менен тарбия берип келүүдө.
Балдардын татыктуу тарбия алуусуна түздөн-түз таасир берген, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин техникалык базасы болуп саналгандыктан, жергиликтүү аткаруу бийлиги жергиликтүү бюджеттик колдоо мүмкүнчүлүккө ылайык көрсөтүлүп келе жатат. М: 2016-жылы жалпы бюджет 64455, 8 мин сом болсо жалпы билим берүү тармагына 11272,3 мин сом каралып, анын атайын каражаты 6651,1 мин сом тактап айтканда бюджеттен 4621,2 мин сом каралган же болбосо бюджеттин 7 % каралган. Анын ичинен 3375,0 мин сом, ар бир бала үчүн 18 сомдон тамак ашка; 50 мин сом ар түрдүү чыгымдар статьясына, 137,1 мин сом, хоз.тавар статьясына,210 мин сом эмеректер үчүн бөлүнүп берилген. Андан тышкары Кызыл-Жол кварталына жаңыдан ишке киргизилген жамааттык жана ыңгайлаштырылган 100 орундуу балдар бакчасын ремонтто жана эмеректер менен камсыздап пайдаланууга берүү максатында жалпысынан 2,7 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
Шаар аймагындагы мектепке чейинки мекемелерди ар бирине токтоло турган болсок:
Шаардагы №1 “Алтын бешик” балдар бакчасы бүгүнкү күндө 469 баланы тарбиялап ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Балдар бакчасы 1972 жылы ишке берилген болсо ушул күнгө чейин жылдык кезектеги жеңил ремонттор жүргүзүлүп келген. Балдар бакчасында тарбияланган балдар билим тарбиясын, күн сайын тамактануусу өз учурунда пландын негизинде жүргүзүлөт. Бирок балдардын тамак ашын бышыруучу жеринде санитардык тазалык сакталбаган. Ашкананын кир чаңдары балдар бакчасынын жетекчисинин катышуусунда комиссия тарабынан аныкталган. Мындан тышкары бакчанын бөлмөлөрү, коридорлору да ушудай көрүнүштө комиссия мүчөлөрү туш болушкан. Тамактануу мезгилинде балдар үчүн тамактанууга олтургучтар жетишпегендиктен, балдар олтуруп эмес туруп тамактанууга мажбур. Аталган балдар бакчасын тез арада тазалыгын сактоо максатында ремонттон өткөрүү зарыл. Мындан тышкары балдар бакчасындагы тарбияланып жаткан балдардын санын кыскаруу менен балдар бакчасынын жетекчиси чарбалык иштерин жолго коюусу абзел. Балдар бакчасынын техникалык базасы башка балдар бакчасында эле демөөрчүлөрдөн жана ата энелердин демөөрчүлүгүнө муктаждык менен иш жүргүзүп келет. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттар өз статьялары менен иштегендиктен, балдар бакчасынын ремонту үчүн ата энелердин 545 сомдон жыйымы жетиштүү эмес. Бул максатта балдар бакчалары ,балдар бакчасынын техникалык базасы толук кандуу чечүү үчүн балдар бакчасынын жетекчилиги, билим берүү бөлүмү менен биргеликте Эл Аралык уюмдарга долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө муктаждык туулат. Жергиликтүү бюджет мүмкүнчүлүгүнө ылайык колдоп берип келет. Аталган бакчанын инвентарында азыркы учурда 151 даана диван (кроват); 20 даана раскладушка, тамак үчүн 36 стол, 182 стул бар. Алтын-бешик балдар бакчасыда 469 бала ар бири ай сайын 800 сомдон 375200 сом, жылына бир жолу ремонт үчүн 255605 сом түшүрүп жатышат. Түшүрүлгөн каражаттар ремонт иштерине толук жетиштүү эмес.
2016-жылы “Алтын-Бешик” балдар бакчасына ашкана үчүн 70 мин сомго комфорка, 60 мин сомго 55 даана олтургучтар шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып берилген.
№2“Өрүк зар” балдар бакчасы 1979-жылы ишке берилип, 140 орундуу типтүү балдар бакчасына эсептелген. Балдар бакчасында бүгүнкү күндө 460 бала тарбияланып келүүдө. Бул көрүнүш нормадан 3 эсе көптүк экенин далилдеп турат. Бирок шаарда күн сайын калктын саны өсүп жаткандыктан шаардын борборундагы 2 чоң типтүү балдар бакчасына мажбырлоо менен кабыл алынууга туура келип жатат. “Өрүк Зар” балдар бакчасы техникалык базасын негизинен долбоорлоо жолу менен, ата-энелердин салымы жана демөөрчүлөрдүн колдоосун колдонуп толуктап келет. Бирок бакчанын техникалык базасы толук түрдө чечилбеген. Атап айтканда бакчага бөлмө, уктоочу кроваттар , олтургучтар жетишпейт жана сыртта ойноочу аянтчалар эскилиги жеткен. Мындан 38 жыл мурда курулган бакчанын ойноо аянтчасы авариялык абалда турат. Ар жылы жасалуучу ремонт иштерине балдар бакчаларында тарбияланган балдардын ата энелеринен 545 сомдон өкмөттүн чечиминин негизинде төлөшөт. Бирок ремонт үчүн жыйналган акча каражаты бакчанын ремонтуна толук түрдө жетишпейт. Шаардагы башка балдар бакчаларына салыштырмалуу аталган балдар бакчасы техникалык базасын чыңдоодо, балдарга тарбия берүүдө өзгөчөлүккө ээ. 2016-жылы балдар бакчасына жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен 210 мин сомдук 70 даана уктоочу кроваттар, билим берүү бөлүмү тарабынан 60 мин сомдук 55 даана олтургучтар алынып берилген. Ай сайын балдар бакчасы 460 бала үчүн ата энелерден 800 сомдон 368000 сом, ал эми ремонт үчүн 250700 сомдон акча каражаты түшүрүлөт. ушуга карабастан Өрүк зар балдар бакчасына 6 көздүү комфорка, кир жуучу автомат машинасы жана брусчатка жаткыруу үчүн 36 мин сом акча каражаты керектелет. Аталган балдар бакчасынын имаратынын сырткы көрүнүшү бир да жолу капиталдык ремонттон өтпөгөн.
№3 “Ак-Тилек” балдар бакчасы ыңгайлаштырылган шартта 2015-жылы пайдаланууга берилген. Аталган балдар бакчасы 59 баланы тарбиялап келүүдө. Балдар бакчасы жаңыдан пайдаланууга берилгендиктен эмеректери, тазалыгы канаатандыраарлык. Бирок балдар бакчасынын базасын толук камсыз кылуу үчүн сырткы ажаткана, сырткы ойноочу аянтча , кир жуучу жай жана ашкана үчүн 4 көздүү комфорка печкасы, этти сактоо үчүн муздаткыч жетишпейт. Ак-Тилек балдар бакчасы 800 сомдон ар бир бала үчүн 57600 сом түшөт. ал эми ремонт үчүн 39240 сом эсептелинген.
№4 “Данектай” балдар бакчасы жана жамааттык балдар бакчалары 2016-жылы бардык шарты менен жаңыдан пайдаланууга берилген. Данектай балдар бакчасында 72 бала жамааттык балдар бакчасында 60 бала тарбияланып келет.”Данектай” балдар бакчасына кошумча пландалган имарат бир үй бүлөө убактылуу жашап жаткандыктан бошотулуп пайдаланууга берилбей келет.
Жаңыдан пайдаланууга берилген балдар бакчасынын да кээ бир жетишпеген жагдайлары бар. Бакчанын сырткы ажатканасы, кир жуучу жай үчүн жана ашкана үчүн цептик,2 цептик үчүн матор,, балдар бакчасынын имаратына кире беришин күндө жана суудан коргоо үчүн верендалоо иштери жасалып берилүүгө тийиш.
№5 Кызыл-Жол кварталындагы республикалык бюджеттин эсебинен жаңыдан курулуп жаткан 140 орундуу типтүү балдар бакчасы, республикалык каржылоо токтоп тургандыгына байланыштуу 2018-жылга бүткөрүү пландалган. Мындан тышкары Баткен шаарында жеке менчик балдар бакчасынын санын өстүрүү максатында С.Сыдыков көчөсүнүн күн батыш тарабындагы муниципалдык менчиктин балансасында турган 0,40 га өлчөмүндөгү жер аянты шаардык кеңештин 5 чакырылышынын 24-сессиясындагы №86 токтому менен аукцион аркылуу сатылууга макулдук берилген. Менчик балдар бакчаларынан тышкары, шаардын борборуна 1; аэропорт кварталына 1, Кызыл-Дөң кварталына 1, Параң массивине 1, Базар-Башы кварталына 1 жалпы 5 муниципалдык балдар бакчасы куруу зарылчылыгы турат. жаңы конуштарына жаңыдан балдар бакчаларын куруу менен шаардын борбордук 2 чоң балдар бакчасындагы балдардын санын азайтып татыктуу тарбия берүүгө жетишүү керек.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын аймагындагы балдар бакчаларына көрүлүп жаткан камкордуктар шаар мэриясы тарабынан тарабынан жетишеерлик деңгеелде эмес экендиги белгиленсин.
2.Шаардагы №1 “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын ашканасынын тамак салуучу жайынын санитардык тазалыгынын сакталбагандыгы үчүн мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчисине чара көрүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.”Өрүк Зар” балдар бакчасынын базасын кеңейтүү максатында, Султанмурат МБ көчөсүндөгү азыркы ГСВ-1, ГСВ-2 жайгашып турган имарат бошогондон кийин “Өрүк Зар” балдар бакчасынын 1 тайпасын орноштуруу үчүн балдар бакчасына айландыруу жагы шаар мэриясына сунушталсын.
4.Шаардын Кызыл-Жол кварталында жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасынын имаратын бүткөрүү үчүн тийиштүү иш чараларды көрүү менен жогорку органдарга кайрылуу жасоо жагы:
-“Данектай” балдар бакчасы үчүн пландалган имаратты бошотуу менен бала бакчанын базасын кеңейтүү иштерин жүргүзүү Баткен шаар мэриясына жүктөлсүн.
5.Шаардагы балдар бакчаларынын санитардык –тазалыгынын абалын карап чыгуу жагы шаардык санитардык эпидемиологиялык станциясына сунушталсын.
6.Ата-энелер тарабынеан ай сайын төлөнүүчү 800 сом жана жылына бир жолу ремонт үчүн төлөнүүчү 545 сом акча каражаттары, сарамжалдуу пайдалануу максатында банк эсебинде өз алдынча эсеп ачуу менен акча каражаттарынын эсеп-кысап иштерин жүргүзүү жагы шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн алынып, балдар бакчаларына өткөрүлүп берүүнү жүргүзүү жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
7.Балдар бакчаларындагы тарбияланган балдардын ден соолугуна камкордук көрүү максатында, окуучулар арасында өтүүчү олимпиадаларга катышуу үчүн областтын аймагынан келген окуучуларды, шаардын балдар бакчаларына түнөтүүгө/ жаткырууга тыюу салынсын.
8.Шаардын аймагындагы балдар бакчаларынын техникалык базасын чындоо үчүн тийиштүү чараларды көрүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
9.Шаардагы балдар бакчалары боюнча койулган сушунтардын аткарылышы боюнча шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында маалымат берүү жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ эскертилсин
10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү жана жаштар, спорт, туризм, медицина, маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергеновго/ тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков