Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/29
Баткен шаарындагы аэропорттун айланасындагы турак үйлөрдүн коопсуздугу жөнүндө
Баткен аэропорту 1961-жылдын 6-сентябрындагы Эмгекчилер депутаттарынын Баткен райондук советинин аткаруу комитетинин №224 чечимине ылайык, 19 га атап айтканда туурасы 200 м, узундугу 950 м жер аянты менен түптөлгөн. 2008-жылдын 23-январында Баткен шаардык жергилкитүү өз алдынча башкаруусунун №1-12 токтому менен ““Манас” Эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун “Баткен” аэропортуна 66,0 га жер аянты мөөнөтсүз бекитилип берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги “Баткен аэропортуна Эл аралык аэропорт статусун берүү жөнүндөгү” №219 тоткомунун негизинде, 2014-жылдын 21-майында Баткен шаардык Кеңешинин №2-3/14 токтомунда Баткен шаарындагы “Эл аралык Манас аэропорту” ачык акционердик коомунун учак конуучу аянтын узартуу перрондорду кеңейтүү максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынан, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка жерлер” категориясына которуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн каралган шарттар менен суралган.
Бирок, Баткен аэропортунун айланасындагы үйлөр, аэропорттун талабына ылайык жайгашуусу Эл Аралак статусуна ээ аэропорттордун радису 3 км, ички аэропорттордун радиусу 2км бош болууга тийиш. Андай болгон учурда шаардын болгон учурда шаардын 70% турак үйү башка жака көчүрүлүүгө туш болот. Бүгүнкү күндө Баткен аэроптунун айланасында жүздөгөн үйлөр жыш жайгашкандыктан миңдеген адамдар жашап жатат.
Шаар мэриясына Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри М.Д.Абулгазиевдин 2017-жылдын 14-апрелиндеги №20-1414 протоколдук тапшырмасы келип түшкөн.
Протоколдо “Аэропорттун жанында жайгашкан калктуу конуштарды башка жерлерге көчүрүү боюнча маселени комплекстүү түрдө иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк комиссиясынын кароосуна сунуштоо боюнча тапшырма берилген. Өкмөттүн протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн калктуу конушту көчүрүү маселеси колго алына турган болсо шаардын 70 % башка жаңы шаарга көчүрүлүп чыгууга тийиш. Бирок шаардын 70% пайыз калкын көчүрүүгө шаардын мүмкүнчүлүгү жок.
Аэропорттун талабына ылайык аэропорттун айланасын коргоого алуу максатында 2009-жылдын 10-декабрында Баткен райондук сотунун өкүмүнүн негизинде аэропортко жакын жайгашкан Г.Р.Артыкбаевдин короо жай эсептелип аэропорттун айланасына кирип кеткендиги үчүн КР КЖК-нын 353 ст.1-бөлүмү боюнча күнөлүү деп табылып, “30 эсептик көрсөткүч менен, 3000 сом айып төлөөгө кириптер болуп 3000 сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн. Андан кийин 2015-жылдын 16-ноябрында КР КЖКнын 353 ст.1б талабына ылайык соттуулуктун жоюлушу же алынып салынышы соттуулукка байланышкан бардык укуктук кесепеттерди жокко чыгарып, Баткен райондук соту өкүм чыгарып берген.
Шаар айланасындагы турак үйлөрдү Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы №209 “Кыргыз Республикасынын Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын шаар камсыздоо иштерин жүргүзүүнү, шаар мэриясы аткарууга алып, шаарда камсыздандыруу иштери башталган. Баткен шаарында 3500 жеке менчик турак үй, 541 квартира, жалпы 4041 турак үй бар болсо анын 52 жеке менчик турак үй камсыздандырылган. Мындан тышкары шаар мэриясы тарабынан график бекитилип графикке ылайык жеке менчик турак үйлөр, административдик имараттар камсыздандырылат.
Баткен шаарынын аэропорттун айланасында жайгашкан турак жайлардын, калкынын коопсузудугун сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аэропортту шаардын сыртына алып чыгуу маселесин сунуштоо зарылдыгы туулат. Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын аэропортунун айланасындагы турак үйлөрдүн коопсузудугун сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация агентствосу менен макулдашылгандан кийин, келечекте Баткен аэропортун шаардын сыртына алып чыгуу жагы пландалсын.
2.Баткен аэропортунун айланасына жеке менчик турак үйлөр жана башка багыттагы курулуштар үчүн жер аянттарын бөлүп берүүнү токтотуу жагы шаар мэриясына жана шаар куруу жана архитектура башкармасына эскертилсин.
3.Баткен аэропорту үчүн келечекте шаардын сыртынан башка ыңгайлуу жер аянтын бөлүп берүү үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда карап чыгуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
4.Шаардагы менчигинин түрүнө карабастан бардык турак жайларды, имараттарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлдагы “Кыргыз Республикасынын турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” №209 Мыйзамы аткарылгандыгы жөнүндө маалымат жарым жылдыктын жыйынтыгы менен кезектеги сессияда маалымат берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков