Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/31
Баткен шаарынын аймагындагы Базар-Башы жана Кызыл-Жол АТОсундагы почта түйүндөрүн “Кыргыз почтасы” ишканасынын балансасына өткөрүп берүүгө жана пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;5-пункуттарына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 19-декабрындагы №18-145 сандуу протоколунун, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы №13-03/3025 сандуу катынын кошо жолдогон Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 19-январдагы №01-22/31 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 17-майындагы отурумунун №4 протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын Базар-Башы АТОсундагы почта түйүнүн тейлеген 45,71м2 өлчөмүндөгү имарат баланска өткөрүлүп берилсин;
-Кызыл-Жол АТОсундагы почта түйүнүн тейлеген 28,30м2 өлчөмүндөгү имарат “Кыргыз почтасы” ишканасына пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Имараттарды баланстан баланска өткөрүп берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков