Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/26
Баткен шаарында ичүүчү таза суу менен толук камсыздоо максатында ЕБРР тарабынан долбоорлонуп жаткан долбоордун жүрүшү жөнүндө
Баткен шаарынын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында ЕБРР тарабынан жүзөөгө ашырылып жаткан “Таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо” долбооруу этабы менен шаарда ишке ашып жатат. 2017 жылдын 11-апрелинде Баткен шаар мэриясында долбоор боюнча жолугушуу болуп, анда ЕБРРдин түштүк региону боюнча өкүлү ЕБРРдин башкы офисинен сатып алуулар боюнча бөлүмдүн жетекчиси, AimTexas компаниясынын проект боюнча жетекчиси , офисинен ,сатып алуулар боюнча адиси жергиликтүү адис,, шаар мэриясынын 1- вице-мери, ГРПнын жетекчиси, Баткен Таза-Суу ишканасынын жетекчиси жана шаардык Кеңештин төрагасынын астында макулдашуулар жана долбоордун этаптык тапшырмаларынын аткарылшы талкууланды. Анда долбордун жүрүшүн тездетүү максатында кандай иш чараларды аткаруу маселеси талкууланды. Долбордогу компаниянын жетекчисине Барниге төмөнкү талаптар коюлду: «отчету кыска нуска жазуу жана убагында жөнөтүү себеби бардык долборго тиешелүү материалдар Лондондогу башкы офистен макулдук алынмайынча кийинки тепкичке жылууга болбойт”.
- графикти кайрадан түзүү;
- сатып алуу боюнча материалдарды даярдап жөнөтүү;
- тендердик документерди даярдоо;
-долбордук иштерди баштоо;
Банктын өкүлдөрү сатып алуу кандай болоору жана тендер кандай өтүшүн түшүндүрүү менен ошого ылайык тендерлер лотторго бөлүнүп даярдоо сунушталды. ЕБРР тарабынан төмөнкү документтерди тездетүү сунушталган:
- Таза-суунун юридикалык бүтүмүн тездетүү;
- Тарифтерди 30% жогорулатуу;
- Авторизацияга кол коюуу; жыйындын жыйынтыгы менен кезектеги арылуучу жумуштар белгиленди:
-техникалар боюнча сатып алуу планын даярдоо жана тендерик документерди даярдоо;
-лабороториялык жана офис учун имараттын долбоорун тез даярдап тендердик документин даярдоо;
- негизги водопровод жана канализация боюнча долбоорду даярдоону баштоо;
-Сары –Таш боюнча жумушалып баруу;
-Чет-Булак кварталы боюнча жумуштар резервуар ж.б.
АimTexas компаниясы тарабынан аткарылган жумуштар: Сатып алуулар боюнча банктын талабына ылайык документер даярдалып ЕБРРдин Лондондогу офисине макулдук алуу үчүн кайрылуу жиберилген ошондой эле тендер боюнча да техникаларды сатып алуу боюнча документтер жөнөтүлгөн.Лондон таратпан макулдук келсе Банк жана мэрия тараптан тендер жарыяланат.
Сатып алуулар негизинен бешке бөлүндү:
Тазасуу ишканасына техникаларды жана тейлөө учун тиешелүү жабдыктар менен механизмдерди сатып алуу;
Лабороториялык жана административдик имаратты куруу
Чет –Булак участкасындагы курулуш жумуштары резервуар 1000м3;
Негизги суу системасын куру;
Канализация боюнча жумуштар
Ар бир бөлүк сатып алуу жүргүзөрдө лотторго бөлүнүп тендерге берилет . Жогоруда бөлүнгөн беш инвестициялык компонентке деталдуу сатып алуу пландары түзүлуп даярдалган. Сары Таш боюнча адистер менен чогуу чыгып кенири талкуу жүргүзүлүп анны долборго киргизүү туура деп табылып ага да тиешелүү долбоор даярдалат. Жакынкы күндөргө водопровод жана канализация боюнча долборлоо иштери башталуу алдында турат.
Гидроплан компаниясы да озуно тиешелүү жумуштарды аткарып жатат, алар негизинен Таза-Суу ишканасы менен жумуш алып барууда. Жолушууларды өткөрүшүп, паспорт алуу скважиналарга, тарифтик саясат, келишимдерди даярдоодо жардам берүүдө. Эми бухгалтерияны МСФО го өткөрүү жана билинг системасын киргизүүдө графиктен артта калгандыгы белгиленгендиктен тиешелүү адистер кат аркылуу билдирүү берип турат.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык КеНешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында ЕБРР тарабынан жүзөөгө ашырылып жаткан “Таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо” долбоорун сапатуу турмушка ашыруу жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
2.Төмөнкү белгиленген иш чаралар өз убагында аткарылып, иш чаралар өз убагында аткарылгандыгы жөнүндө маалымат шаардык кеңештин ар бир кезектеги сессиясында маалымдалып турулсун.
Түзүлгөн келишимге ылайык ЕБРР тарабынан:
- графикти кайрадан түзүү;
- сатып алуу боюнча материалдарды даярдап жөнөтүү;
- тендердик документерди даярдоо;
-долбордук иштерди баштоо;
Аткаруу бийлиги тарабынан:
Таза-суунун юридикалык бүтүмүн бекитүү;
- Тарифтерди 30% жогорулатуу;
- Авторизацияга кол коюуу; жыйындын жыйынтыгы менен кезектеги арылуучу жумуштар;
-техникалар боюнча сатып алуу планын даярдоо жана тендерик документерди даярдоо;
-лабороториялык жана офис учун имараттын долбоорун даярдап тендердик
документин даярдоо;
- негизги водопровод жана канализация боюнча долбоорду даярдоону баштоо;
-Сары –Таш коргоого алынган суу алынуучу зонага мамлекеттик күзөтчү коюуну уюштуруу;
-Сары-Таш зоонасындагы бузулган суу тосмолорун тез арада калыбына келтирүү;
-Чет-Булак кварталына суу кампасын куруу долбоорун жасоо.
3.Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага: А.Ташбеков