Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майындагы №01-10/28
Баткен шаарындагы коомдук жайларда тартиптердин сакталышы жөнүндө
Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Баткен шаарынын аймактык тескөөчү милициялар тарабынан Баткен шаарында коомдук жайларда 2017-жылдын 1-кварталында спирт ичимдигин ичип алып тартип бузган 239 атуулга адмнистративдик протоколдор түзүлүп чаралар көрүлгөн. Андан тышкары Баткен шаарында каттоодо 343 атуул турат. Алардын 21и шарттуу түрдө соттолгондор, алтоосу түзөтүү мекемесинен мөөнөтүнөн мурда чыккандар. Булар менен башкача айтканда шарттуу түрдө соттолгон 21 атуул менен жана мөөнөтүнөн мурда чыккан 6 атуул менен кылымышты болтурбоо жана алдын алуу максатында ай сайын ар бири менен Баткен шаарынын 5 аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен биргеликте аңгемелешүүлөрдү өткөрүлүп турат. Мындан тышкары шаардын аймактарында жалпы профилактикалык багытта кылымыштын алдын алуу максатында «Профилактика» «Арсенал» «Правопорядок» жана башка рейдер өткөрүлүп турат. Баткен шаарында рейддердин жыйынтыгы менен 2017-жылдын 1-кварталда 1 бейбаштык кылымышы катталып тергөө амалдары жүргүзүлүп соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери 2017-жылдын 3 ай ичинде Баткен шаарынын аймагында коомчулук алдында аткарган иштери тууралуу 25 жолу отчетторун беришкен.
Баткен шаарында Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору 13 билим берүү мекемелери менен анын ичинен 6 орто мектеп, 2 башталгыч мектеп, 1 клоедж, 1 гимназия жатак мектеп, 1 проф. лицей жана 2 медреседе билим тарбия алып жаткан жаштар мене иш алып барат. Шаардын коомдук жайларында тартиптин сакталышын камсыздоо жана кылымыштын алдын алуу боюнча Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору ар аптанын ишемби күндөрү «Балдар жана өспүрүм» аттуу рейддерди өткөрүп турат. Мындан тышкары профилактикалык багытта «Допинг», «Подросток», «Безпризорник» жана «Мотылек» аттуу коддуу операциялар өткөрүлүп турат.
Баткен шаарынынын коомдук жайларыда тартиптердин сакталашан камсыздоо максатында Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук коргоо, чек ара, кылымыштуулук, депутаттык мандат, этика, Регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
Баткен шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн 2017-жылдын 1-кварталында шаардын коомдук жайларында тартиптин сакталышы боюнча аткарып жаткан иштери канаатандырарлык экендиги белгиленсин.
Жылдын жыйынтыгы менен шаардагы коомдук жайларда тартиптин сакталышы боюнча Баткен шаардык Кеңешинин пландуу жана кезектеги сессияларында отчет берип туруу жагы Баткен шаарынын ички иштер бөлүмүнө эскертилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук коргоо, чек ара, кылымыштуулук, депутаттык мандат, этика жана регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Орозов тапшырылсын
Төрага: А.Ташбеков