Загрузка документа…
САКЫЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-мартындагы №1
Жаран Матсаков Кадырбектин кайрылуусун кароо жөнүндө
“Кыргыз -Орус Компания” жоопкерчилиги чектелген коомунун баш директору Матсаков Кадырбектин “ Күйүүчү майдын даяр продукциясын алуу максатында мазутту кайрадан иштетүүчү өндүрүшүн ” куруу боюнча кайрылуусун жана долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл аймагындагы мурдагы “сельхозхимиянын” территориясында жайгашкан жалпы аянты 7,10 га аэроплощадканын толук тилкесин Матсаков Кадырбектин кайрылуусуна ылайык мунайды кайра иштетүү ишканасын куруу максатында сатуу маселеси айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосун тапкан жок .
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн калктуу пункттарынан алыс жайгашкан территориядан айыл чарбасына жараксыз деп эсептелген өндүрүштүк курулушка ылайык жер тилкени аныктоо айыл өкмөттүн башчысы М Султановго жүктөлсүн .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин -муниципалдык менчик,жер ,айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш,транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына, төрайымы Г.Альяровага милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Бекназаров |