Загрузка документа…
САКЫЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-мартындагы №4
Жаран Мурзаева Мархабаттын арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылынын тургуну Мурзаева Мархабаттын иштетип жаткан дүкөнү менен муниципалдык менчиктеги “Ак шоола”балдар бакчасынын чек араларын түздөп сыздырып,башынан мамлекеттик акт жасатуу боюнча арызы бул эки жер ээси тең эч кандай зыян тартпай тургандыгы аныкталып чыккандыгына байланыштуу канааттандырылсын.
2. Райондук мамкаттоо башкармалыгынын адистеринин жана иш кагаздарынын чыгымдарын төлөө арыз ээсинин өзүнүн макулду менен Мурзаева Мархабатка жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн жер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси К.Абдилат уулуна жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |