Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрелиндеги №5/1
Гүлчө айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилердеги карылыгы жеткен тал-теректерди, тушум төмөндөп калган алмаларды кыюу жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 5-заседаниеси Гүлчө–Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдунбилдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүндөгү төмөндөгү социалдык обьектилердеги тушум төмөндөп калган алма, карылыгы жеткен тал-теректер кыйдырылсын:
1. Т.Отунчиев атындагы мектеп гимназиясы – 6 (алты) түп терек,7 (жети) түп алма, 2(эки) түп кара жыгач,1(бир) түп ясень
2. №3 балдар бакчасында 1(бир) түп терек
3. Гүлчө багындагы - 5(беш) түп кара жыгач
4. М.Адышев атындагы мектеп –гимназиясындагы-1(бир) түп тал, 1 (бир) түп кара жыгач
5. Б.Аданбаева атындагы орто мектептин -2(эки) түп тал, 2 (эки) түп терек, 1 (бир) түп өрүк, 1 (бир) түп алма
6. Ысманов атындагы орто мектеби – 14 (он төрт) даана кара жыгач
2. Жогорудагы тал-теректерди мыйзам чегинде кыйдыруу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исмаилов |