Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрелиндеги №5/2
Гүлчө -Тазалык» ишканасынын автомашиналарынын кызмат акысын, мекеме-ишканалардын таштандыларын чыгаруу үчүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 5-заседаниеси Гүлчө –Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдунбилдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Гүлчө -Тазалык» ишканасынын автомашиналарынын кызмат акысын, мекеме-ишканалардын келишимдин негизинде таштандыларын чыгаруу үчүн тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1. Портер автомашинасынын кызмат көрсөтүү акысы бир рейси – 800 сом
2. Зил автомашинасынын кызмат көрсөтүү акысы бир рейси – 1200 сом
3. Маз автомашинасынын 8 тонна суу алып барып берген кызмат акысы бир рейси – 1200 сом
4. «АЦ» ГАЗ-53 автомашинасынын ажааткана тазалаганы үчүн -2500 сом, септикти тазалаганы үчүн – 1500 сом
5. Ресторандардан – 500 сом
6. Кафелерден – 300 сом
7. Магазиндерден – 200 сом
8. Мекеме ишканалардан – 200 сом
9. Автовакзалдан – 2000 сом
10. Базардан – 3000 сом
11. Банктардан – 1200 сом
12. Жеке менчик машиналардын таштанды таштоочу жайга таштанды таштагандыгы үчүн Камаз автомашинасы үчүн-300 сом, ЗИЛ автомашинасы үчүн – 200 сом, портер авомашинасы үчүн – 100 сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Исмаилов |