Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-мартындагы №6/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактап бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 6-заседаниеси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жерге жайгаштыруу “Кыргызмамжердолбоор” институтунун калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча материалдарынын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” институту иштеп чыккан Гүлчө айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо материалдары бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | К. Исмаилов |