Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТӨКТӨМ
2017-жылдын 3-апрелиндеги №7/4
Гульша –Таза-Суу ИСКАКБнын Гүлчө айылындагы таза сууга тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 7-заседаниеси Гульша –Таза-Суу ИСКАКБнын жетекчиси А.Иманахуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылында 2017-жылга үйүнүн ичинен суу алган абоненттерге ар бир жанга 20 сомдон, сырттан ташып ичсе 12 сомдон, суу эсептегичи бар абоненттерге 1 кубуна 15 сомдон болуп бекитилсин.
2. Гульша –Таза-Суу ИСКАКБнын Гүлчө айылындагы мекеме-ишканалар, банктар, ресторан, кафелер, мончолор менен таза сууга келишим түзүү үчүн тарифтери айына төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1. Мекеме ишканалардан – 500 сом
2. Банкттар – 500 сом
3. Ресторандардан – 300 сом
4. Кафелерден – 200 сом
5. Мончо -300 сом
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Исмаилов |