Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТӨКТӨМ
2017-жылдын 8-июнундагы №8/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы «Жениш» аянтына Баткен согушунда курман болгон эр азаматтардын элесине эстелик орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Каришовдун билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы «Жениш» аянтына Баткен согушунда курман болгон эр азаматтардын элесине эстелик орнотуу үчүн Жениш аянтынын түндүк чыгыш тарабынан 180 метр2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жениш аянтына эстелик орнотуу үчүн керектелүүчү акча каражатын камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Төрага | К. Исмаилов |