Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТӨКТӨМ
2017-жылдын 8-июнундагы №8/3
Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү №9 үй Урбаев Сапарбайдын үйүнүн жанындагы жашоочуларга коопту болуп калган теректерди кыюу жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 8-заседаниеси Гүлчө –Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү №9 үй Урбаев Сапарбайдын үйүнүн жанындагы жашоочуларга коопту болуп калган 2 даана теректер кыйдырылсын.
2. Жогорудагы тал-теректерди мыйзам чегинде кыйдыруу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исмаилов |