Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4/1
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза сууну пайдалануу жана төлөө өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Кичи-Каракол айылынын айыл башчысы К.Алмаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жай, Кичи-Каракол айылындагы жашоочулардын таза сууну пайдалангандыгы үчүн төлөө өлчөмүн айына 50 сомдон белгиленсин.
2. Таза суу пайдалануучулардын төлөмдөрүн ай сайын топтоп айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына төгүү жагы Ак-Жай айылынын айыл башчысы С.Ахуновго, Кичи-Каракол айылынын айыл башчысы К.Алмаматовго милдеттендирилсин.
3. Таза суу чыгарууда эмгектенген адистин эмгек акысын келишимдин негизинде төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Р. Куламшаев
|