Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4/2
Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринардык врачтардын кызмат акысын белгилөө жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн ветеринар кызматкери А.Опушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизгендиги үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринардык врачтардын кызмат акысын мал ээлеринен акы алып, кызмат көрсөтүү баа пейскурантында белгиленген баанын (сумманын) эсебинен түзүлгөн сметанын негизинде 60 сом төлөнүп берилсин.
2. Мал ээлеринен ветеринардык кызматкерлердин кызмат көрсөтүп акы алуу ар бир малга төмөндөгүдөй белгиленсин:
-ийри мүйүздүү малдарды дарылоодо кызмат акысы 20 сом
-кой-эчкилерди дарылоодо кызмат акысы 10 сом
-жылкыларды,эшектерди дарылоодо кызмат акысы 30 сом
-итти уколдогонго,паспортуна ,дарысына 100 сом
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Р. Куламшаев
|