Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4/3
Жазгы-талаа жумуштары боюнча даярдык жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу З. Молдоташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча жер адистин маалыматы эске алынсын.
2. Элге үрөөн, күйүүчү май ,айыл чарба техникалары жана башка шаймандар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Талаа жумуштарынын жүрүштөрүндө күйүүчү май ,айыл чарба техникалары жана башка шаймандарга керектелүүчү чыгымдардын эсебин тактоо туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Р. Куламшаев
|