Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-майы № 7
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2018-2019-2020 жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Арыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 10250,3 миң сом акча каражатты түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин. Анын ичинен теңдөөчү грант 8218,3 миң сомго жана жергиликтүү жыйымдар 2032,0 миң сомго бекитилсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 11468,4 миң сомго жана 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 11490,3 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 2018-жылга 291,0 миң сомго 2019-жылга 291,0 миң сом,2020-жылга 291,0 миң сомго бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Токтомамат уулу Нурмухамедге милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Р. Куламшаев
|