Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 13
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн малчыларына сырттан алган малдарга карата тартиптик чара көрүү жана малчылардын жайлоого көчүү, жайлоодон келүү мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кенеши айыл өкмөтүнүн айылдарында малдардын жылдан жылга көбөйуп бара жаткандыгын,андан сырткары малчылар малдын санын көбөйтүү максатында сырттан мал алып, биздин жайлоо жайыттарына көп жоготууларды пайда кылары шексиз.Экинчиден эрте көчпөсө кайрактагы элдин эгинине ,чөп ормосуна да көп зыяндар келип жатат.Ушул жагдай,шарттарды эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн малчыларына сырттан алынган ар бир кара мал,жылкы,кой үчүн жайыт акысы 2 эсе эселенген өлчөмдө төлөнүүсү бекитилсин.
2. Жалпы элдин жазгы дан эгиндеринин эгилиши. чөп оромолорунун сакталышы, ал эми күзүндө дан эгиндеринин оруп жыйноо мезгилиндерин эске алуу менен жайлоого көчүүнүн акыркы мөөнөтү 5-майдан 15-майга чейин, жайлоодон келүү мөөнөтү 20-сентябрдан кийинки мезгилге болуп бекитилсин.
3. Эгерде токтомдун жогорудагы 2 пунктунун шарттары аткарылбай бузулса, актылар тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырылып.мыйзамдуу жазага тартылары эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасы К.Турдумамбетовго айылдык кенештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|