Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 13-а
Большевик айылындагы Ак-Тилек участкасына намазкана куруу боюнча жер бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кенеши Большевик айылынын Ак-Тилек участкасына элинин өтүнүч, суроо талабын канааттандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын Ак-Тилек участкасынын элинин өтүнүч, суроо талабына ылайык айылдык намазкана куруу үчүн Ак-Тилек участкасынан айыл чарбасына ынгайсыз жерден 0,05 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Өзгөн райондук архитектура, шаар куруу бөлүмүнөн намазкана куруу үчүн жер участогун өлчөп берүү жана намазкананын курулушун көзөмөлдөп баруу суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «социалдык масалелер боюнча» туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери жана коммуналдык турак жай, курулуш иштери боюнча башкы адиси Б.Кыдыргычовго милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|