Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 16
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ички жолдору жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кенеши айыл өкмөтүнүн айылдарынын ички жол, көчөлөрүн кенейтүү, иретке келтирүү максатын көздөп карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын А.Ташбаев көчөсүн, Семиз-Көл айылынын Таш-Булак участкасындагы трансформатордун астынан жол ачып, сүрдүрүп иретке келтирүү жагы айыл өкмөт башчысынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «социалдык масилелер боюнча» туруктуу комиссиясына жана Ак-Жар, Семиз-Көл айылдарынын айыл башчыларына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|