Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 19
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы мечитке ысым берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кенеши Какыр айылынын тургундарынын 2016 жылдын 15 майындагы чогулушунун протоколун жана айыл тургуну Дуйшеев Жусуптун мамлекет үчүн синирген эмгегин баалоо менен талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы айылдык мечитке ушул айыл тургуну, эмгек ардагери Дуйшеев Жусуптун ысымы берилсин.
Мындан ары Какыр айылындагы мечит «Дуйшеев Жусуп атындагы мечит» деп аталсын.
2. Мечиттин наамын алган Дуйшеев Жусуптун туугандары, балдары мечиттин материалдык техникалык базасын чындоодо өз салымдарын кошуп баруусу сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «социалдык масалелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|