Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 23
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө масале айылдык Кенештин бюджет,финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып ,алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 323,0 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 323,0 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети кирешелер жана чыгашалары 323,0мин сом өлчөмүндө бекитилмин.
3. Жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер эмгек акы,социалдык фондко чегерүү сунушталсын.
4. Казына системасынан четтеп өтүү менен каражаттарды пайдаланууга тыю салынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы,салык жана социалдык маселер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|