Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 26
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын тургундарынын 16-июнь 2017-жыл бала-бакча ачуу боюнча токтомун бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кенеши айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын тургундарынын айыл бала-бакчасын ачып берүү жөнүндөгү арызын жана жалпы элдик жыйындын токтому менен таанышып айылдык кенештин депутаттарынын маалыматтарын угуп, сунуштарын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Какыр айылында көптөгөн үй-бүлөөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатындагы балдар-бакчасын уюштуруу боюнча жалпы чогулушунун токтому бекитилсин. Какыр айылында 50 (элүү) орундуу бала-бакча Какыр айылынын тургуну Акматжанов Салинин үйүндө убактылуу ачылсын.
2. Какыр айылынын бала-бакчасынын жетекчиси болуп Култаева Гүлзат бекитилсин.
3. Ак-Жар айыл өкмөтүнө Какыр айылынын бала бакчасын көмүр, отун, тамак-аш продукталары менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыздоосу сунушталсын.
4. Милдеттендирилсин Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго бала-бакчасынын уюштуруучусу Г.Култаева менен бирдикте стандарттуу түшө турган бала-бакчанын курулушун пландаштырып бала-бакчасы үчүн калтырылган жерге проект түзүп инвестицияларды тартуу менен бала-бакчасынын курулушун планга киргизүү жагы.
5. Суралсын райондук билим берүү, сан.эпид.станция, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо мекемелеринен талаптарына ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
6. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жана билим берүү бөлүмүнөн бала-бакчаны мамлекеттик бюджетке өткөрүп, ушул токтомду бекитип берүү жагы.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Абдыкадыровага тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|