Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-августу № 21/2
Баш-Дөбө айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата айыл аймагын өнүүктүүрүү боюнча Стратегиялык планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата БУУ “Ош облусунун комплектүү өнүктүрүү” программасынын алкагында айылдарды социалдык экономикалык жактан өнүүктүрүүгө даярдалган статегиялык өнүгүү планынын долбоору боюнча билдирүүлөрүн угуп, кызыктуу талкуулап жана ишке ашыруу максатында Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык өнүктүрүү планынын долбоору жактырылсын жана алымча кошумча менен бекитилсин.
2. 2016-2018-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышын камсыз кылуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. 2016-2018-жылдарга карата айылдарды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык планды ишке ашыруу максатында Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
4. Стратегиялык өнүгүү планынын негизинде жыл сайын жылдык социалдык экономикалык өнүгүү планын (анын ичинде экономикалык божомол) анын чараларын иштеп чыксын жана аны ишке ашырсын;
5. Бир жылдык социалдык экономикалык өнүгүү планын аткарылуусу жөнүндө отчеттук жылдан кийин жылдын 1-кварталында атуулдук коомдун катышуусунда айылдык кеңештин сессиясында айыл өкмөтүнүн отчету угулсун:
6. Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата иш-планынын долбоору бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына жана туруктуу комиссиялларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Турганбаев
|