Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 22/4
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын тургундарынын арызынын негизинде мүрзөгө жер ажыратуу боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кош-Коргон айылынын тургундарынын 2016-жылдын 03-августундагы №4 протоколунда белгиленгендей Кош-Коргон айылында учурда 350 ашуун түтүн жана 1700 ашык калк жашап бирок азыркы мезгилге чейин мүрзөсү жок, жарандардын кайтыш болгон мезгилде 3-4 км. Аралыктагы Өзгөн шаарынын мүрзөсүнө алып барылгандыгы эң көйгөйлүү маселе экендигин айтышып Кош-Коргон айылы үчүн мүрзөгө 5 га жер аянтын ажыратып берүүнү сурашкан, жогорудагы арыздын негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Коргон айылына мүрзө үчүн 3 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын участкага ажыратууну мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук шаар курулуш башкармалыгы жан Өзгөн райондук Мамкаттоо башкамалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Идрисов
|