Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 23/2
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жолайылыны таза суу менен камсыз кылуу боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кашка-Терек айылынын Жаңы-Жол участкасында 40 ашуун үй-бүлөө жашайт, алар таза суу менен камсыз болгон эмес 2016-жылдын 18-ноябрындагы айылдык Кеңештин 5-чакырылыш 23-кезексиз сессиясында Өзгөн шаарына куруулуучу канализациянын саркынды сууну тазалоочу курулмасынынн курулушун долборлоо боюнча талкууда айылдык Кеңештин депутаттары бул курулманын курулуусуна макулдугун берүү менен айыл жериндеги көйгөйлүү маселелерди чечүүдө көмөктөшүү максатында шаардын бул маселелерди чечүүгө жардам берүүсүн айтып өтүштү, сессияда катышып олтурган Өзгөн шаар мэриясынын өкүлү Атажанов Рахман бул маселени чечүүдө жардам берүүгө убадасын берди жана айыл өкмөтүнө шаардын бюджетин кароо мезгилинде айыл өкмөтүнө да компенсация төлөп берүү боюнча макулдашылды. Жогорудагыларды талкуулапБаш-Дөбө айылдык Кеңешинин V-чакырылыш XXIII -кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кашка-Терек айылынын Жаңы-Жол участкасына таза суу менен камсыз кылууну Өзгөн шаар мэриясынын жоопкерчилигин алуусу боюнча милдеттендирилсин.
2. Баш-Дөбөайылөкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылга бюджетинен компенсация төлөп берүүсү сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы, экономика, бюджети, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Идрисов
|