Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралы № 4
Көчөгө атын ыйгаруу жөнүндө
Ачык-Суу айылынын мурас көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Абжапаров Болотбек Абжапаровичтинатын коюу жөнүндөгү көчө тургундары тарабынан жазылган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кенешинин VI -чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачык-Суу айылындагы мурас көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Абжапаров Болотбек Абжапаровичтинатын коюу жөнүндөгү көчө тургундарынын сунушу эске алынсын.
2. Ачык-Суу айылындагы мурас көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Абжапаров Болотбек Абжапаровичтин аты ыйгарылсын.
3. Юридикалык документерин даярдап бүтүрүү жана көчөнү оңдоп туруу жагы туугандарына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук бирикмелер менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов
|