Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-апрели № V-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-кварталында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына 2017-жылда айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн жумушчу комиссия айылдардагы көгөйлүү маселелерди аныктап, долбоорлор айылдык кеңешке сунушталган. Айылдык кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүүнү өзүнүн токтотому менен бекитип берген.
Гулистан айыл өкмөтүндө айылдык инфраструктура объекттерин калыбына келтирүү боюнча инвестиция тартуу багытында бир катар ийгиликтүү иштер аткарылган. 2017-жылда донордук уюмдар тарабынан каржылоого алынган долбоорлор: “Агахан” өнүктүрүү фонду тарабынан айыл аймагынын Адыр участкасында скважинаны калыбына келтирүү (сметалык баасы-3 млн. 164 миң сом), айылды инвестициялоо долбоору тарабынан (АРИС) сметалык баасы 1 млн 903 миң сом болгон Кочкор Ата участкасындагы жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо долбоору, мамлекеттик дем берүүчү гранттын эсебинен сметалык баасы 2 млн.154 миң сом болгон айыл өкмөтүнүн административдик имаратын калыбына келтирүү долбоорлору жактырылды.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-кварталында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан иштери кемчилдиктери менен канааттандырарлы деп белгиленсин6.
2. 2017-жылдын 1-кварталында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бюагытында пландаштырылган айыл өкмөтүнүн жалпы бюджети 3 млн. 388 миң сом болсо, аткарылганы 4 млн. 414 миң сом деп белгиленсин; жергиликтүү бюджеттин пландаштырылган кирешеси 2 млн. 278 миң сом борлсо аткарылганы 3 млн. 270 миң 800 сом деп белгиленсин.
3. Айыл өкмөтү жергиликтүу бьюджеттин эсебинен өзүн-өзү камсыз кылуу көрсоткүчүн 5 пайызга артырууну камсыз кылсын.
4. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салымын көтөрүү, кошумча салык булактарын табуу боюнча туруктуу иш жүргүзүлсүн.
5. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын инвестициялык планына кирген долбоорлор үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган өздүк салымдарды өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|