Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы № 1
Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Ж.Нурманбетовдун Тотой-Гоо участкасындагы пайдаланууга мумкун болбогон жер аянтка купка ванна салууга жер аянтын сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VI чакырылышынын кезектүү IVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Ж.Нурманбетовдун Тотой-Гоо участкасындагы пайдаланууга мумкун болбогон жер аянтка купка ванна салууга жер аянтын сурап жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды айыл аймагындагы Тотой-Гоо участкасындагы контур №800 пайдаланууга мүмкүн болбогон жер аянттан купка ванна салуу үчүн 0,10га жер аянты пайдаланууга болүнүп берилсин.
3. Бөлүнүп берилген жер аянтка тиешелүү укуктук документтер менен камсыз кылуу жагы райондук Архитектура бөлүмүнон жана Ат-Башы райондук КМУК башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Б.Сатиевге милдеттендирилсин.
Ача-Кайынды айылдык Кеӊешинин төрагасы | Г. Асанова
|