Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 3
Акча каражатын бир статиядан экинчи статияга которуу жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун Ачык-Суу айылына таза суу үчүн каралган 3111 статясынан 1 150,0 миң сом акчакаражатын айылдагы сугат сууга турба алуу үчүн бөлүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын Ачык-Суу айылынын таза суу үчүн бөлүнгөн 3111 статясынан 1 150,0 миң сом акча каражатын айылдагы сугат сууга турба алуу үчүн бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов |