Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 4
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты А.Казибековдун аймактагы орто мектептеги окуучуларды жакшы окууга кызыктыруу максатында айылдык кеңештин стипендиясын берүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы орто мектептеги жакшы окуган окуучуларга стипендия берүү үчүн 34,0 миң сом акчакаражаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов |