Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 8
Комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы Ы.Ж.Эрмаматовдун Айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн тендерлерди текшерүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн тендерлерди текшерүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы бекитилсин
Комиссиянын төрагасы:
Баатыркулов Маматкарим - Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин депутаты
мүчөлөрү:
Кашка-Суу айылынан А.Курбаналиев
Ачык-Суу айылынан Б.Көчкөнов
Кабык айылынан А.Койчубаев
Кашка-Суу айылынан А.Казибеков
Жайылма айылынан Г.Кайдакбаев
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов |