Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 11
Жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы А.Гайыповдун 2017-жылга карата Жайыт комитетинин бюджеттин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата киреше бөлүгү 350 000 (үч жүз элүү миң) сом.
- Бодо малдын жалпы саны 3300 баш, ал эми бир башка басы 44 сом жалпы
суммасы 145 200 сом.
- Кой,эчки жалпы 21 000 баш,ал эми бир башка 9 сом жалпы суммасы 189 000 сом.
- Жылкы, эшек 543 баш, бир башка 44 сом, жалпы суммасы 23 892 сом.
2. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата чыгаша бөлүгү 116 800 (бир жүз он алты миң сегиз жүз) сом
Жайыт салыгы жалпы суммасы 233 200 сом
Эмгек акы төраганын жалпы 96000 сом
Соц.фондко чегерүү жалпы 16560 сом
Сапар чыгымдары жалпы 4240 сом.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов |