Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 12
Көрктөндүрүү үчүн жер аянтын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөт башчысы С.Бакировдун Кыргыз Республикасынын Биринчи вице Премьер-министири М.Абдулгазиевдин чоң аянттарга жана калктуу конуштарга жакын жайгашкан жерлерди көрктөндүрүү жана жол жээктерине экме токойлорду отургузуу тапшырмасы боюнча, ТИК “Кайди”ЖЧК ишканасынын аймагында экологиялык тазалыкты сактоо максатында, айланасына тал, терек эгип көрктөндүрүү үчүн 10 га жер аянттарын берүүгө уруксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан ТИК “Кайди”ЖЧК ишканасынын айланасына тал,терек отургузуп көрктөндүрүү үчүн 10 га жер аянттарын берүүгө уруксат берилсин.
2. ТИК “Кайди”ЖЧК нын айланасын көрктөндүрүү үчүн бөлүнгөн жер аянттары айыл өкмөтүнүн балансасында калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ы. Эрмаматов |