Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 5/2
Барпы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана курулуп бүткөн социалдык обьектилердин абалы жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана курулуп бүткөн социалдык обьектилердин абалы жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга жаны курулуп бүткөн социалдык обьектилердин абалы жөнүндөгү маалымат айрым кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен курулуп бүткөрүлгөн Н.Алыкулов орто мектебинин имаратын толук бүткөрүү учун жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп бүткөрүлсүн жана толук кабыл алынсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |