Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 5/3
Барпы жайыт комитетинин төрагасы Каржодиев Абсаламдын арызы жөнүндө
Барпы Жайыт комитетинин төрагасы: А.Каржоодиевдин Барпы айылдык кеңешинин сессиясына жазган арызынын угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн балансында турган жакынкы 3740 гектар жайыт жердин ичинен чоп орок, кайракыга реформа негизинде берилип кеткендиктен жерлерди картографиясы боюнча тактоо максатында төмөндөгү курамда комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Ж.Абдыкадиров – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
2. А.Каржоодиев - Жайыт комитетинин төрагасы
3. Т. Касымов - Барпы айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
4. О.Мурзаев – жерге жайгаштыруу боюнча адис.
5. С.Назаров – Барпы айыл өкмөтүнүн юристи
6. Айыл өкмөтүнүн тиешелүү айыл башчылары.
7. Жогорудагы маселени бир ай ичинде чечүү комиссияга тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
9. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |